Бишкекте үчүнчү жолу кымыз фестивалы өттү [+аудио, сүрөт]

Дасмиа эс алуу жайында 8-июль күнү кымыз фестивалы болду. Фестивалда өзгөчөлөнүп Алайкуунун кымызы эң кымбат баада бир литри 150 сомдон сатылды.

Кымыз фестивалын үчүнчү жолу “Кыргыз Ынтымагы” бирикмеси уюштурду. Жалпысынан фестивалга Нарын, Талас, Ош, Чүй аймактарынан 10 киши кымыздын ар кайсы түрүн алып келип сатышты.

KymyzFest_Bishkek (12)

KymyzFest_Bishkek (6)

KymyzFest_Bishkek (8)

“Кыргыз Ынтымагы” бирикмесинин төрагасы Талас Күлчоро уулу Kloop.kgге курган маегинде, кымыздын баркы түшүп бара жатканын, ошондуктан иш-чаранын максаты улуттук суусундуктун деңгээлин көтөрүү экенин айтты.

KymyzFest_Bishkek (3)

KymyzFest_Bishkek (11) KymyzFest_Bishkek (7)

Фестивалга Алайкуу жергесинен Шааркан Кайыпова 80 литр кымыз алып келген. Ал ар бир литрин эң жогорку баада 150 сомдон сатты.

KymyzFest_Bishkek (10) KymyzFest_Bishkek (1)

Бишкек шаарынын тургуну Мажиев Талгартбек өзгөчөлөнгөн Алайкуу кымызынын өңү таң калтырганын айтты.

KymyzFest_Bishkek (2) KymyzFest_Bishkek (9)

Кымыз фестивалы быйыл Кыргызстанда үчүнчү жолу уюштурулду. Аталган фестиваль алгачкы жолу 2014-жылы уюштурулса, кийинкиси 2015- жылы өткөн.

Даярдагандар: Ырысбай Адамалиев, Алмаз Эшбаев