Бишкектин тургуну ток менен жүргөн унаа айдайт [+аудио, сүрөт]

Бишкекте ток менен жүргөн экологияга зыяны жок Субару үлгүсүндөгү кичи унааны Медет Өмүралиев былтыр жарманкеден 10 миң доллларга сатып алган.

Унаага эки киши олтурууга болот. Медет Өмүралиевдин айтымында, электрокар жарым тонна жүктү көтөрө алат. Унааны алты саат ток менен кубаттап алып, үч күн кенен айдаарын айтат.

Electrocar_Bishkek (1)

Electrocar_Bishkek (2)

Өмүралиев унааны алгандан бери чөнтөгү калыңдап, коомдук транспорттордо да жүрбөй калган. Мындай унаа негизи студенттерге абдан керек дейт ал.

Electrocar_Bishkek (3)

Electrocar_Bishkek (4)

Электрокардын ээси кошумчалагандай, машинеге кызыгып жанына келип сүрөткө түшкөндөр жана сатып алам дегендер да көп болот. Бирок Өмүралиев саткысы келбестигин айтты.

Electrocar_Bishkek (5)

Electrocar_Bishkek (6)

Медет Өмүралиев унааны алгандан бери бир да жолу оңдото элек. Эгер бузулуп калса, тетиктерди Кытайдан гана алдыра алат. Себеби Кыргызстанда мындай унаанын тетиктери жок дейт.

Даярдагандар: Алмаз Эшбаев, Салават Жангабылов