Кыргызстандын Жогорку соту 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуулар маалында башаламандыктарды уюштурган деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароону эртеңкиге калтырды.

БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин чечиминен кийин Жогорку сот Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан карап чыгууга макул болгон.

Азимжан Аскаров — этникалык өзбек — Кыргызстандын түштүгүнөн чыккан укук коргоочу. Ал укук коргоо органдары тарабынан кыйноолорго арналган макалаларынын аркасы менен белгилүүлүккө жеткен. Аскаров 15 жыл бою «Воздух» деген укук коргоо уюмун жетектеп, милиция тарабынан жасалган мыйзам бузуулар жөнүндө жазып келген.

Аскаров 2010-жылдын 15-июнунда, Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык кагылышуулар маалында кармалган. Укук коргоо органдары аны Бишкек-Ош унаа жолун тосууну уюштургандардын бири деп билдиришкен. Ал окуянын жүрүшүндө милиционерлер сабалып, кызматкерлердин бири өрттөлгөн болчу.

Базар-Коргон райондук соту Аскаровду «массалык башаламандыктарды уюштурууга», «улуттар аралык кастыкты козутууга» жана «адам өлтүрүүгө катышууга» айыптаган. Сот 2010-жылдын аягында ага карата өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган, бирок Аскаровдун өзү тагылган айыптарды мойнуна алган эмес. Анда аны менен бирге дагы сегиз киши соттолгон.

Авторлор: Анна Лелик, Айзирек Алмазбекова, Александра Ли