Германиянын канцлери Ангела Меркелди тосуп алууга арналган такталар Бишкектин көчөлөрүндө 12-июлда пайда болду. Немис өкмөтүнүн башчысынын келиши 13-июлга белгиленген.

Шаардын борборук көчөлөрүндө Ангела Меркелдин сүрөттөрү менен такталар жайгаштырылды. Германиянын канцлеринин сүрөттөрү «Биз сизге кубанычтабыз», «Кош келиниз Ангела Меркель айым» деген жазуулар менен коштолгон.

Муниципалдык менчик башкармалыгынын адиси Кумар Асанбековдун айтымында, такталар президент Алмазбек Атамбаевдин буйругунан кийин жайгаштырыла баштаган.

«Такталар бүгүнтөн тарта социалдык-маалыматтык жарнаманын негизинде жайгаштырылып жатат. Мындай такталарды Манас проспектисинде, Абдрахманов, Алма-Ата көчөлөрүндө, Ибраимов, Карл Маркс жана Горький көчөлөрүндөгү көпүрөлөрдөн көрүүгө болот», — деди ал.

Саясат таануучу Табылды Акеров Kloop.kgге курган маегинде такталар дизайнынын жөнөкөйлүгү жана «Биз сизге кубанычтабыз» же «Кош келиңиз» деген жазуулары менен «Советтер Союзу маалын эске салганын» айтты.

«Ангела Меркель — ири жана таасирдүү мамлекеттердин биринин лидери жана албетте Кыргызстан үчүн анын келиши абдан маанилүү, анткени ал Батышка көңүл бурдуртуп, Европа менен мамилелерди жакшыртуусу мүмкүн. Бирок жазууларды жакшылап ойлонуу керек болчу, кыргыз, орус жана англис тилдеринде жазуу керек болчу. Андагы чакырыктар да СССР маалындагы чакырыктарга окшош экен», — деди ал.

Дизайнер Дмитрий Бондарев өзүнүн «Фейсбук» баракчасындагы билдирүүсүндө тактада пайдаланылган шрифтти сынга алды.

«Башкы тамгалар менен мындай шрифтте ким жазат?», — деп суроо салды ал.

«Фейсбуктун» Максат Идирисов аттуу колдонуучусу тактадагы жазуулардын эки гана тилде жазылганына нааразычылыгын билдирди.

«[…] Менимче, анда немисче жазылган эмес. Эгер ага кайрылып жатсаңар, анда анын тилинде жазылышы керек болчу», — деп эсептейт Идирисов.

Такталар Бишкектин башкы көчөлөрү менен проспектилеринде Ангела Меркелдин Кыргызстанга болгон сапары аяктаганга чейин илинип турат.

Сүрөт: «Спутник»