Италиянын түштүгүндө жайгашкан Апулия аймагындагы жүргүнчү ташыган эки поезддин кагылышуусу 27 кишинин өмүрүн алып кетти. Дагы 50 киши түрдүү даражадагы жаракаттарды алышты. Италия бийлиги окуяны «жол берилгис трагедия» деп атап, кырсыктын себептерин аныктоого аракет кылууда.

Италиянын Апулия аймагындагы Андрия жана Корато шаарларынын ортосундагы темир жолдо эки поезддин бетме-бет кагылышуусу 12-июнда болду. Кырсыктан 27 киши каза болду, алардын ичинде поезддердин биринин машинисти да бар.

Жергиликтүү Panorama басылмасы 50 жүргүнчү түрдүү даражадагы жаракаттарды алышып, учурда ооруканада жаткандыктарын билдирди. Азырынча кырсык алдында эки поезддин ичинде жалпысынан канча жүргүнчү бар болгондугу аныктала элек.

epa05421612 A handout picture provided by the Italian Fire Brigade on 12 July 2016 shows emergency services working at the crash site where two trains collided on a single-track stretch between Ruvo di Puglia and Corato, southern Italy, 12 July 2016. A least ten people have been killed and dozens injured according to reports. EPA/ITALIAN FIRE BRIGADE / HANDOUT HANDOUT EDITORIAL USE ONLY/NO SALES HANDOUT EDITORIAL USE ONLY/NO SALESReuters эл аралык маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, поезддер жогорку ылдамдыкта бара жатышкан жана кагылышуудан кийин алардын түрдүү бөлүктөрү туш-тушка чачыраган.

«Жашоомдогу эң жаман учур: мен өлгөн кишилерди көрдүм, башкалары жардам сурап ыйлап жатышты» , — деп билдирген италиялык полиция кызматкери Би-би-синин журналисттерине.

Аман калган жүргүнчүлөр каза болгондор бир канча бөлүктөргө бөлүнүп кеткендиктерин айтышкан.

«Бул жан кейиткен көрүнүш болду», — деп билдирген күбөлөрдүн бири Reuters агенттигине курган маегинде.

Басылманын маалыматы боюнча, ар бир поездде төрттөн вагон болгон. Кырсык болгон жерде тартылган сүрөттөргө караганда, алардын үчөөсү гана бүтүн бойдон калган.

epa05421614 A handout picture provided by the Italian Fire Brigade on 12 July 2016 shows the crash site where two trains collided on a single-track stretch between Ruvo di Puglia and Corato, southern Italy, 12 July 2016. A least ten people have been killed and dozens injured according to reports. EPA/ITALIAN FIRE BRIGADE / HANDOUT HANDOUT EDITORIAL USE ONLY/NO SALES HANDOUT EDITORIAL USE ONLY/NO SALESАзырынча кырсыктын себептери белгисиз, анткени поезддердин бирөөсүнүн машинистти каза болгон, а экинчисиники ооруканада. Италиянын президенти Серджо Маттарелла кырсыкты «жол берилгис трагедия» деп атап, укук коргоо органдарынан тез аранын ичинде окуянын себебин аныктап чыгууну талап кылды.

Корато шаарынын мэри Массимо Маццили авариянын масштабдарын авиакатастрофага салыштырууга болорун билдирди.

Италиянын La Repubblicа гезити поезддердин кагылышуусунан качып кутулууга мүмкүн эмес болгонун жазды. Басылма окуяны иликтөө комиссиясына шилтеме жасоо менен машинисттердин бири жол чырак кызыл күйүп турган маалда ордунан жылганын билдирүүдө.

«Эки поезд бир маалда бир колеялуу линия менен жүрө албайт. Андрия менен Коратонун станцияларынын ортосундагы аралык 17 чакырым жана он мүнөттүк жол. Байланыш фонограмма жолу менен ишке ашат. Бул жактан поезд кеткенде мен Андриядагы кесиптешиме ал станциядагы поездди чыгарбай турушуру керектигин, ага бул жактан чыгып кеткен поезд барганда гана уруксат бериши керектигин эскертип белги берем», — деп билдирген темир жол станциясынын кызматкери La Repubblicа басылмасына.

epa05421613 A handout picture provided by the Italian Fire Brigade on 12 July 2016 shows the crash site where two trains collided on a single-track stretch between Ruvo di Puglia and Corato, southern Italy, 12 July 2016. A least ten people have been killed and dozens injured according to reports. EPA/ITALIAN FIRE BRIGADE / HANDOUT HANDOUT EDITORIAL USE ONLY/NO SALES HANDOUT EDITORIAL USE ONLY/NO SALESАпулия аймагынын прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Көзөмөлдөө органы кырсыкка байланыш системасындагы мүчүлүштүктөр себеп болушу мүмкүн деп божомолдоодо.

Автор: Анастасия Шевцова