Кыргыз ТИМи тарабынан расмий четке кагуу болгонуна карабастан сириялык качкындар үчүн Кыргызстанда тандоо лагерлерин ачуу жөнүндөгү жаңылык кырнеттин колдонуучуларынын арасында көптөгөн нааразычылыктарды жаратты. Анда качкындарга жардам берүүгө даяр болгон жарандар азчылыкты түзүп калышты.

12-июлда «Озодагон» тажик маалымат агенттиги Германиянын канцлери Ангела Меркель президент Алмазбек Атамбаев менен болчу жолугушуусунда сириялык качкындар үчүн Кыргызстанда тандоо лагерин ачуу маселесин көтөрүшү мүмкүндүгүн билдирген. Өз билдирүүсүндө басылма жеке булактарына шилтеме жасаган.

«[…] тандоодон өтүү үчүн сириялык качкындардын бир бөлүгү Кыргызстанга жеткирилет деп болжолдонууда, бардык тиешелүү текшерүүлөрдөн ийгиликтүү өткөндөн кийин аларды Европага алып кетишет. Долбоордун толугу менен Германиянын каржылык колдоосунун алдында ишке ашырыла тургандыгы белгиленүүдө», — деп жазган «Озодагон».

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги качкындар үчүн тандоо лагерин түзүүнүн айланасындагы маалыматтарды четке какты. Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, өлкө лидерлеринин жолугушуусунда ал маселе каралбайт.

merkel_atambaev-1068x601

ТИМдин маалыматты 13-июлда түшкө жакын эле четке какканына карабастан ал жаңылык кырнеттин колдонуучуларынын арасында кызуу талкууга алынып, көптөгөн нааразычылыктарды жаратты.

«[…] Мындай лагерди түзүү биз үчүн кандай коркунучтарды жарата турганын түшүнүп жатасыңарбы, жолдоштор? Фрау (Меркель) жебени биз тарапты көздөй багыттайт, а ал болсо биздин өлкөгө карата «Ислам мамлекетинин» жана башка экстремисттик уюмдардын көңүлдөрүн бурат», — деп жазды журналист Рина Приживойт.

Steel Drake деген каймана ат менен белгилүү дизайнер Олег Ермаков андай лагердин түзүлүшү башаламандыктарга алып келет деп эсептейт:

«… Ал жалкоо немелердин баарын бизге алып келишет, жогору жактагылар алардын аркасы менен байып алып кетип калышат, а эл кыйналган бойдон кала берет. Ал сириялыктар анда каалаганын кылып жүрүшөт, немистердин мүнөзү толеранттуу жана мыйзамдары полиция кызматкерлери качкындарга тие албагандай деңгээлде болуп, жумшактыктын чегинен өтүп кеткен, а биздикилер албетте андай эмес, дароо эле тумшукка бир коюшат», — деп жазды ал өзүнүн билдирүүсүндө.

syrian_refugees

«Дизель» интернет-форумунда сириялык качкындар үчүн Кыргызстанда лагерлерди ачуу ыктымалдыгы жөнүндөгү теманын талкуусу 13-июлдун түшүнөн кечке чейин эле 9 баракка жетти. Андай идея өз пикирин билдирген форум колдонуучуларынын көбүнүн кыжырын келтирди.

«Германия качкындарды кабыл алып жатканда да бардыгы тең кубанып, жардам бергилери келишкен. Франция менен ЕБдин башка өлкөлөрү да. Жыйынтыгында эмне болду? Бир канча жолку теракт, көптөгөн адамдардын өлүмү жана качкындардын көчөлөрдөгү башаламандыктары. Алар — биз үчүн коркунуч. Кеп сараңдыкта же бекер нерсени жакшы көрүүдө эмес», — деп жазды Иллидан аттуу колдонуучу.

«Кыргыздын меймандостугу» кана?

Анда качкындарга жардам берүүнү сунуштагандар менен тилектештигин билдиргендер азчылыкты түзүп калышты.

«Бизге кылымдардан бери кимдер гана келген эмес жана биз эч качан баш тарткан эмеспиз, ошондуктан бизде демократиялуу жана көп улуттуу өлкө», — деп жазды «Фэйсбуктун» Айбек Огобаев деген колдонуучу.

Бахтияр Жумабаев аттуу башка колдонуучу кыргызстандыктар «мусулмандык жана христиандык боорукердикти», ошондой эле «кыргыз меймандостугун» көрсөтүшү керек деп эсептейт.

«Биздин элдин бештен бир бөлүгү чет өлкөлөрдө иштеп, жашап жүрүшөт, көбү ал жактарда көпкө калып калып жатышат. Эмнеге кеп биздин өлкө жөнүндө болгондо биз эгоист жана шектүү болуп калабыз? А жашырынган согушкерлер эгер каалашса биздин тешик чек араларыбыз аркылуу ансыз деле оңой эле өтүп кетишет», — деп жазды Жумабаев.

kyrgyz-migrants

Онлайн-талкууга Кыргызстанга келүүнү качкындардын өзүлөрү деле каалабайт деп эсептеген скептиктер да аралашышты.

«…Сирия, Ирак, Ливия, Ооганстан өлкөлөрүнөн качкындар европалык жашоо деңгээли, жөлөк пулдар жана социалдык жеңилдиктер үчүн барып жатышат. Бул жагынан алганда жакырчылыктын чыныгы деңгээли 50 пайыздан ашкан Кыргызстан аларга кантип жардам бере алат?» — деп жазды «Фэйсбуктагы» жеке баракчасына саясат таануучу Игорь Шестаков.

Сириялык качкындар үчүн Кыргызстанда лагерлерди ачуу жөнүндөгү жаңылык — акыркы жыл ичиндеги алгачкысы эмес. 2015-жылдын ноябрында Австралиянын The Australian басылмасы өлкө Кыргызстанга качкындарды жөнөтүүгө ниеттенип жаткандыгы жөнүндө жазып, ал дагы кыргызстандыктардын ар түрдүү реакцияларын жараткан. Анда кыргыз ТИМи ал маселе боюнча Австралия Кыргызстан тарапка кайрылбаганын билдирген.

syrian-refugees_2

Эки ай мурда британ лорду Десай сириялык качкындарды Улуу Британиядан Борбордук Азия өлкөлөрүнө көчүрүүнү сунуштаган. Анда ал идеяны британ парламенти четке каккан.

Качкындардын массалык агымы Европа өлкөлөрүндөгү миграциялык каатчылыктын себеби болуп калган. Европа биримдигинин ичиндеги чыңалуу мигранттардын пропорциялуу эмес бөлүштүрүлгөндүгүнө байланыштуу да өсүүдө.

Би-би-синин маалыматы боюнча, 2015-жылы Европанын чек араларын миллиондон ашык мигрант кесип өткөн. Негизинен мигранттар Европага Сириядан, Ооганстандан, Косоводон жана Ирактан барып жатышат. Алардын көбү качкын макамын Германиядан сурашууда. Качкындардын Европага агылышынын башкы себептери — өз өлкөлөрүндөгү куралдуу кагылышуулар жана экономикалык көйгөйлөр.

Качкындар үчүн Кыргызстанда лагерлерди ачуу ыктымалдыгы жөнүндөгү жаңылык Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга келишинин алдында пайда болду.

Тема боюнча: Германия Кыргызстанга эмнеге кызыгууда?

Кыргызстанга келген жогорку кызматтагы алгачкы немис чиновниги өлкөнүн тышкы иштер министри жана ЕККУнун Европадагы башчысы Франк-Вальтер Штайнмайер болгон. Ал Бишкекке марттын аягында келип, Борбордук Азия аймагындагы коопсуздукту талкуулоо үчүн президент Алмазбек Атамбаев менен жолуккан.