13-июль күнү кечинде Ангела Маркель учагынан түшүп жатып Алмазбек Атамбаев менен таза орус тилинде учурашканын угуп кыргызстандыктардын көбү таң калышты. Kloop.kgнин кабарчылары КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерин кошпогондо дагы кайсыл саясатчылардын орусча сүйлөй ала тургандыктарына кызыгып көрүштү.

Германиянын канцлери Кыргызстанга расмий иш сапары менен алгачкы жолу 13-июлда келди. Президент Алмазбек Атамбаев менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында Меркель эл аралык тил эсептелген англисче сүйлөй алгандыгына жана орусчаны да билгендигине карабастан өз өлкөсүнүн тили болгон немис тилинде сүйлөдү.

Ангела Меркелдин өмүр баянынан анын Батыш Германиядагы Гамбургда туулганы белгилүү, бирок бир канча жумадан кийин анын үй-бүлөсү Герман Демократиялык Республикасынын Квитцов аймагына, андан үч жыл өткөн соң Темплингге көчүп барган.

Ал кезде Чыгыш Германиянын мектептеринде орус тили чет тил катары окутулчу, ошондуктан ГДРде билим алган немистердин көбү ал тилди жакшы билишет.

«Ангела сегизинчи класс кезинде Бенн (орус тил мугалими) аны орус тили ийримине кабыл алып, аны Чыгыш Германиядагы орус тили боюнча олимпиадага катышууга даярдап баштаган», — деп жазган The New Yorker.

Russia Beyond the Headlines басылмасы жөндөмдүү окуучу катары ал бардык деңгээлдеги олимпиадаларды, анын ичинде улуттук деңгээлдегисин да утуп алгандыгын билдирүүдө. Меркель Чыгыш Германияда орус тилин билүү боюнча олимпиадалардын үч жолку жеңүүчүсү болгон.

Таасирдүү саясатчылардан дагы кимдер орусча сүйлөшөт?

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни

Шейла Гуолтни америкалык Сенат тарабынан АКШнын Кыргызстандагы элчиси кызматына 2015-жылдын 5-августунда бекитилген. Ал орус, украин жана испан тилдерин билет, ошондой эле бир нече жолу кыргыз тилинде да сөз сүйлөгөн.

Финляндиянын президенти Саули Ниинисте

Саули Ниинисте — кызматка 2012-жылы киришкен Финляндиянын 12-президенти. Ал 2009-жылдан 2012-жылга чейин Финн футболдук ассоциациясынын башчысы болуп, Муз үстүндө көркөм бийлөө боюнча Европанын 2009-жылкы чемпионатын уюштуруу комитетинин жетекчиси болгон.

Франциянын мурдагы президенти Жак Ширак

Жак Ширак Франциянын президенти кызматын 1995-жылдан 2007-жылга чейин ээлеп турган. Ал 2001-жылы ОРТ телеканалына курган маегинде орус тилин кичинекей кезинде, Санкт-Петербургдан көчүп барган мугалими менен окуганын айткан. Ал ошондой эле 20 жашында Пушкиндин «Евгений Онегининин» жеке котормосун басып чыгарууга аракет кылганын, бирок басмакана баш тартып койгонун билдирген.

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс

Кондолиза Райс АКШнын Мамлекеттик департаментин 2005-жылдан 2009-жылга чейин жетектеген. Райс ал кызматта иштеген алгачкы афроамерикалык жана орусча сүйлөй алган Мадлен Олбрайттан кийинки экинчи аял болгон.

Райс өлкөнү Жорж Буш жетектеп турган кездердеги эң таасирдүү саясатчылардын бири болгон, а орус тилин ал студенттик жылдарында Москва Мамлекеттик университетинде окуган. Советтер Союзу таркаган мезгилде Райс АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинде Чыгыш Европа жана СССР иштери боюнча кеңешчи болуп иштеген.

АКШнын Орусиядагы мурдагы элчиси Майкл Макфол

Майкл Макфол 2012-жылдан 2014-жылга чейин АКШнын Орусиядагы элчиси болгон. Ал Стэндфорс университетин эл аралык мамилелер жана славян тилдери бакалавр даражасында аяктаган. 1986-жылы славян таануу боюнча магистр даражасын алып, Чыгыш Европа өлкөлөрүн изилдеген.

Автор: Анастасия Шевцова