13-июлда кыргыз номурлуу кичи автобус Орусиянын Саратов облусундагы Ершов районунда кырсыкка учурады. Анын жыйынтыгында эки кыргызстандык каза болуп, дагы төртөөсү жаракат алышты.

13-июлда Орусиянын Саратов облусунда ичинде кыргызстандыктар бар кичи автобус оодарылып, арыкка кирип кеткен. Кырсыктын жыйынтыгында эки кыргызстандык каза болуп, төртөөсү жаракат алышкан, дагы экөөсүнүн саламаттыгына эч кандай зыян келтирилген эмес.

Буга чейин Орусиянын ЖМКлары билдиргендей, кыргызстандыктар Москвадан мекенине келе жатышкан. Кырсыктан кийин ал жерге эки өрт өчүрүү тобу барган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги каза болгондор менен жаракат алгандардын тизмелерин жарыялады.

  • 30 жаштагы Жолдошбаев Мирлан Автандилович менен 19 жаштагы Качкынбаев Арген Алмазбекович тез жардам кызматы келгенге чейин эле каза болушкан;
  • унаанын 1981-жылкы айдоочусу Токтогулов Абай Автандиловичтин төш клеткалары кокустап, арка сөөгү сынган болушу мүмкүн деп божомолдонууда;
  • 19 жаштагы Сариев Тагай Сагыналиевичтин сол буту менен сол акыреги сынган;
  • 1989-жылы туулган Татаева Алтынайдын төш клеткалары кокустап, баш сөөгүнөн жаракат алган;
  • 1991-жылы туулган Токтосун уулу Арсланбектин сол акыреги сынган.
Сүрөт: sarinform.com
Сүрөт: sarinform.com

Алардын бардыгы тең Ершов райондук ооруканасында.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан Kloop.kgге элчилик жабыркаган кыргыз жарандары менен дайыма байланышта болуп жатканын билдиришти.

«Элчилик каза болгондордун сөөктөрүн мекенине жөнөтүүгө жардам көрсөтүү ниетинде. Ошондой эле алар жабыркагандар жана алардын дарыгерлери менен байланышты болуп турушат», — деп билдиришти мекемеден.

2016-жылдын 22-июнунда Казакстандын Алматы — Астана унаа жолундагы кырсыктан беш кыргызстандык каза болуп, алардын төртөөсүн жаш балдар түзүшкөн. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кырсыкка байланыштуу каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, материалдык жардам көрсөткөн. Алматыдагы кыргыз консулдугу каза болгондордун сөөктөрүн Кыргызстанга жеткирген.

Башкы сүрөт иллюстрациялык мүнөзгө ээ