Мамэкотехинспекция ички спартакиада үчүн спорттук шаймандарды сатып алууга 221 миң 500 сом коротууну чечкен. Тизмеде вейкбординг, нибординг жана бугибординг үчүн такталардын төрт топтому бар.

Мамэкотехинспекциянын ички спартакиада өткөрүү үчүн спорттук шаймандарды сатып алуу боюнча тендери мамлекеттик сатып алуулардын сайтында 27-июнда пайда болгон. Мекеме спорттук шаймандарга 221 миң 500 сом бөлө тургандыгы жазылган жарыя жайгаштырган.

gosekotehinspekciya

Сатып алынышы керек болгон шаймандардын тизмесинде теннис үстөлү, футбол топтору, гирялар, кыска найза, полипропилен тору, табло жана белектер бар.

Андан сырткары мекеме суу лыжасы, сёрфинг жана скейттин айкалышын элестеткен спорттун экстремалдык түрлөрү — вейкбординг, нибординг жана бугибординг үчүн такталардын төрт топтомун сатып алууну пландап жатат.

Спорттун ал түрлөрү спортчулардын абалдары менен аткарылчу трюктардын оордугу менен айырмаланышат. Вейкбордингде спортчулар катерге байланган тактанын үстүндө туруп алып жүрүшсө, нибордингде — тизелеп, а бугибордингде — жатып алып жүрүшөт.

Аны менен катар спорттун суу түрлөрүнүн такталарынын техникалык сүрөттөөлөрүндө шахмат менен тогуз-коргоолдун такталары көрсөтүлгөн.

6413a725440f2d4f6483baee645ae257

Kloop.kgнин кабарчысы бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Мамэкотехинспекцияга телефон чалган кезде эсепчиси мекеменин адистери Ысык-Көлгө кеткендиктерин билдирди. Чалуу жума күнү жумуш маалында, саат 14:47де болгон.

Кийинчерээк кабарчы мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Чынгыз Абдумалик уулу менен байланышып, ал тендерди жарыялоодо ката кеткенин айтты.

«Ката кетип калган, биз ал тендерди кокустан жайгаштырып алганбыз, биз такталарды сатып алайын деген эмеспиз», — деди ал.

Бул мамлекеттик мекемелер спорттук шаймандар менен кызматтарды сатып алуу боюнча жарыялаган алгачкы тендер эмес.

2016-жылдын июнунда Каржы министрлиги футбол талаасын ижарага алууга тендер жарыялаган. Мекеме аны жайкы мезгилге — төрт айга — ижарага алууну жана ал үчүн 50 миң сомго жакын сумманы коротууну чечкен.

2016-жылдын мартында Каржы министрлиги суу алдында сүзүүгө үйрөтүү кызматына тендер жарыялаган.

Министрликтин кызматкерлери суу алдында сүзүүгө 230 миң сом коротууну пландашкан. Жарыянын текстинде бассейндин узундугу 25 метрди түзүп, а тереңдиги беш метрден кем эмес болушу керек деген шарттар жазылган. Жалпысынан министрлик 15 кишинин 113 жолу баруусу үчүн акча төлөөнү каалаган.

Ал тендер жалпыга маалымдоо каражаттары менен социалдык түйүндөрдө кызуу талкууларды жараткан. Мекеменин өзүнөн андай маалыматка ээ эмес экендиктерин айтып жооп беришкен. Каржы министри Адылбек Касымалиев тендер жөнүндө билбегендигин айтып, андан соң мекеменин статс-катчысы менен үч кызматкерине катуу сөгүш жарыялап,тендерди токтоткон.

Автор: Зияра Асылбекова