Түркиядагы аскердик төңкөрүш жасоо аракети: Эрдоган бийлигин сактап калды [+ хроника]

People react near a military vehicle during an attempted coup in Ankara, Turkey. REUTERS/Tumay Berkin

16-июлга караган түнү Түркияда козголоңчу аскер кызматкерлери төңкөрүш жасоо аракетин көрүштү, бирок бийлик көтөрүлүштү басууга жетишти. Андагы кагылышуулардан кеминде 90 киши каза болуп, 1500дөн ашык аскер кызматчысы кармалды.

Түркияда аскердик төңкөрүш жасоо аракети 16-июлга караган түнү болду — алгач козголоңчу аскерлер Босфордогу көпүрөнү ээлеп, Башкы штабдын жана борбордук телеканалдардын имараттарын басып алышкан. Андан соң ал телеканалдар аркылуу бийлик «толугу менен аларга өткөнүн» билдиришкен.

Аскер кызматкерлери өз аракеттерин конституциялык тартипти орнотуу, ошондой эле адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын, мыйзам үстөмдүгүн жана жалпы коопсуздукту камсыз кылуу менен түшүндүрүшкөн.

Бирок учурдагы президент Реджеп Тайып Эрдогандын тарапташтары менен болгон кагылышуулардын жүрүшүндө аскер кызматкерлери акырындык менен чегинип, багынып башташкан — Түркиянын башчысы видеобайланыш аркылуу жарандарды көчөгө чыгып, абал тынчыганга чейин аны колдоого чакырган.

Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуулардын жүрүшүндө кеминде 90 киши каза болду. «Франс-Пресс» агенттигинин маалыматы боюнча, аскер төңкөрүшүн жасоо аракети үчүн 1500дөн ашык аскер кызматкери кармалды.

Кагылышуулар жүрүп жаткан маалда козголоңчулар тик учактар менен парламенттин Анкарадагы имаратына бир канча жолу бомба ташташып, кийинчерээк Эрдоганды колдогон авиация тарабынан атылып түшүрүлүшкөн.

Президент төңкөрүш жасоо аракети — Түркиянын куралдуу күчтөрүн тазалоого себеп экенин билдирди. Азыр эле козголоң чыгарууга байланышы бар делинип 29 полковник жана 5 генерал камакка алынды.

Түркиянын расмий бийлиги козголоң уюштурууга 1999-жылдан бери куугунтукта жүргөн, учурда АКШда жашап жаткан мурдагы имам жана ислам диниятчысы Фетхуллах Гүленди айыптады.

Гүлен — таасирдүү коомдук ишмер. Ал көбүнчө дүйнөнүн 100гө жакын өлкөсүндө ачкан миңден ашык окуу жайлардын негиздөөчүсү катары жана радикалдуу исламдын каршылашы катары белгилүү. Гүлен жөнүндө кененирээк бул жерден окусаңар болот.

Гүлендин өзү козголоңчуларга тиешеси бар экенин четке какты — ал аскердик төңкөрүш жасоо аракетин айыптап, бийлик күч менен эмес, эркин жана таза шайлоолор аркылуу алмашышы керектигин билдирди.

Тексттик трансляция


Авторлор: Анна Лелик, Бектур Искендер, Айжамал Идирис, Эльдияр Арыкбаев