Кыргызстандын президенти «Азия MIX» КВН командасын июлдун ортосунда Орусиянын Светлогорск шаарында өткөн «Голосащий КиВиН» фестивалындагы жеңиши менен куттуктады.

Алмазбек Атамбаев кыргыз квнчилерин «Голосящий КиВиН» фестивалында баш байгени жеңип алышы менен куттуктап жатып алардын жеңишине сыймыктана турганын билдирди.

«Кыргызстандыктар ар дайым силердин оюнуңарды күтүшөт, силерге күйөрман болуп, силер менен сыймыктанышат», - деп кайрылды президент «Азия MIXке».

Президент команда кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жатат деп эсептейт.

«Мекенибизге силердин чыгармачылыгыңар жана силердин жеңишиңер абдан керек. Силер Кыргызстандын жаштарын шыктандырып, өз күчүнө ишенимин арттырасыңар, ал эми бизге болсо, эң сонун Мекенибиз менен, эң жакшы элибиз менен сыймыктануу сезимин тартуулайсыңар. Силерге жаңы ийгиликтерди каалайм!», - деп жазылган Атамбаевдин куттуктоосунда.

«Голосящий КиВиН» музыкалык фестивалы 15-июлдан 17-июлга чейин Светлогорск шаарында өткөн. «Азия Mix» анда баш байгени — «Большой КиВиН в золотом» сыйлыгын алган.

Кыргыз командасынын катышуучуларынын бири Бактияр Касымалиев «Sputnik» маалымат агенттигине курган маегинде Светлогорсктогу көрүүчүлөр аларды «абдын жылуу» тосуп алгандыктарын айтты.

«Аягына чейин чыңалууда өткөн абдан узакка созулган фестиваль болду. Бардыгы абдан күлүштү, биринчи кезекте залдагылар. Бардыгы да ыйлашты, жакшы дагы, начар дагы жыйынтыктардан улам»,— деп жазды «Sputnik» Касымалиевдин айткандарын.

КВНчи Ситора Фармонованын айтымында, фестивалга үч апта даярданышкан, акыркы даярдануу күнү анын кан басымы жогорулап, башы айланган.

«Мага ден соолугум тоскоол болду. Климаттын алмашканы себеп болду көрүнөт, а акыркы дарярдык көрүү күнү кан басымым жогорулап кетти. Башым абдан катуу ооруп, айланып, аз жерден эс-учумду жоготуп кое жаздадым. Сахнага чыккан маалда жыгылып калбасам экен деп Аллахтан тилендим»,— деди Фармонова.

2015-жылы «Азия Mix» командасы «Голосящий КиВиНде» «коло» алышкан.

«Голосящий КиВиН» — КВН командаларынын жыл сайын өтчү музыкалык фестивалы. Кадимки оюндардан айырмаланып анда бир гана — музыкалык сынак ойнолот.

Алгач фестиваль Москвада, андан кийин — Латвиянын Юрмаласында өтчү, а 2015-жылдан тарта Калининград облусундагы Светлогорск шаарында өтүп баштаган.