Өткөн дем алыш күндөрү One Million Kyrgyz Stories интернет тобу өз жазылуучуларынын арасында «суу салгылашын» уюштурду. 16-июлда жүздөн ашык Бишкектин жашоочулары суу тапанчалары же бөтөлкөлөр менен куралданып, ысык күндө бири-бири менен суу чачышуу үчүн Түштүк дарбазага чогулушту.

Түшкү саат бирге карата Жеңиш сейил багында балдар жана кыздардан турган эки топ даяр болуп турушту. Катышуучуларынын саны жүздөн ашкан суу салгылашы үч сааттан ашык убакытка созулду.

IMG_0963

IMG_1293

P1090262

P1090254

IMG_1327

Катышуучулар суу тапанчалары, бөтөлкөлөр, чакалар жана бидондор менен куралданышкан. Көп өтпөй атайын даярдалган суу түгөнүп калды, бирок ал эч кимди токтоткон жок — чачышуу үчүн арыктагы сууну пайдалана башташты.

IMG_1023

13695265_653621348126564_687757213_n

«Эң сонун. Укмуш. [Бирок] сууну арыктан албастан, таза суу алып келүү керек», — деди суу чачышуунун катышуучуларынын бири Влад.

One Million Kyrgyz Stories тобунун түзүүчүсү Азиз Айтбеков Kloop.kgге курган маегинде экинчи «суу салгылашы» биринчисине караганда жакшыраак уюштурулганын айтты.

«Өткөн жылы баары тез эле тарап кетишкен, а бул жолкусунда бир аз көбүрөөк кармалышты. Адамдар көп болду. Жалпысынан сонун болуп, башта убадалангандай эле эч ким кургак кеткен жок», — деди ал.

vodnaya_bitva_main-1068x601

P1090315

P1090353

P1090439

13713511_653621341459898_1920239949_n

P1090331

Бишкектин жашоочусу Токтосун жөн гана салгылашты көрүү үчүн келген, бирок жыйынтыгында анын катышуучусу болуп калды.

«Көңүлдүү. Сонун. Аба ырайы да ысык. Мен негизи көрөйүн деп келгем, анан карап отурсам баары жыргап, көңүлдүү жүрүшөт, жыйынтыгында мен да аларга кошулуп кеттим. Анан мына, бүт суу болдум…», — деди ал.

Автор: Бегимай Исаева, Ксения Иванова
Сүрөт: Марат Абдыкалыков, Бегимай Исаева