Кыргызстандагы эң популярдуу онлайн-басылмалардын бири эсептелген Kloop.kg өлкө түштүгүндө жаңылыктар материалдары менен атайын репортаждарды жасоону окутат.

Kloop.kg порталынын редакторлору Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын репортерлору, студенттери, активисттери жана жарандык журналисттери үчүн журналистика боюнча бир апталык тренинг өткөрүшөт.

Kloop.kgнин башкы редактору Эльдияр Арыкбаев катышуучуларга кантип кызыктуу темаларды таап, булак менен байланышып, интервью алып, кызыктуу репортаждарды жазып, мыйзам бузууларды иликтөө керектигин айтып берет.

Kloop.kg сайтынын оператору жана монтажеру Тилек Бейшеналиев студенттерди видеого тартуу менен Клооптун Facebookтагы баракчасында өтө популярдуу болгон кызыктуу кыска видеолорду монтаждоонун базалык көнүгүүлөрүнө үйрөтөт.

Окутууга катышууга Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын гана студенттери, жарандык активисттери жана журналисттери чакырылат. Бишкектен жөнөтүлгөн билдирмелер кабыл алынбайт.

Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар кыска теориялык киришүүлөрдү алышат, бирок сабактардын көбүндө өз репортаждарынын үстүнөн иштеп, окутуучулардын кеңеш берүүчү жардамдарын алышат. Катышуучулардын материалдары күн сайын миңдеген окурмандар баш баккан, а видеолорун Facebookта оң миңдеген колдонуучулар көргөн Kloop.kg порталына жарыяланат.

Мыкты катышуучуларды биз дайымкы негизде Kloop.kgде иштөөгө, ошондой эле жергиликтүү жана эл аралык басылмалар менен кызматташууга чакырабыз.

Окутуу Ош шаарында 25-июлдан 5-августка чейин өткөрүлөт. Окутуу тили: орус тили, ошондой эле кеңеш берүү кыргыз тилинде да болушу мүмкүн.

Көңүл буруңуздар! Жашоого жана жолго кеткен чыгымдар Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айылдарынан келип катышкандар үчүн гана төлөнөт. Kloop.kg катышуучулардын тамак-ашына кетчү чыгымдарды төлөп бербейт, бирок окутуулар маалында кофе-брейктер уюштурулат.

Өтүнүч, окутууга 25-июлдан 5-августка чейин Ош шаарында толук кандуу катыша ала тургандыгыңарга ишенсенер гана жазылгыла. Сабактар эртеден кечке чейин өткөрүлөт, сураныч, ал күндөрү жумуштан же сабактан бош болуу үчүн алдын ала кам көрүп коюңуздар (зарыл болсо Kloop.kg окутууга катышкандыгы тууралуу ырастама бере алат).

Катышуучулар репортаждарды жазуу менен алектене тургандыктан, алардын жанында ноутбук жана смарфондордун болушу шарт.

Окутууга төмөнкү жактагы форма аркылуу жазылууга болот. Өтүнүч, форманын бардык бөлүгүн толтуруп, «Жөнөтүү» баскычын басыңыздар:

    Аты-жөнүңүз*

    Телефон номериңиз*

    Эмейлиңиз*

    Туруктуу жашаган жериңиз (шаардын, айылдын аталышы, кайсы облус)*

    Ошто тренинг убагында жашаганга жер керекпи?*

    Тренингде колдонуу үчүн сизде кандай техникалык жабдык бар? Сизде болгон жабдыктын тушуна белги коюңуз.*

    НоутбукAndroid базасындагы смартфонФотокамераДиктофонВидеокамера

    Сиз кайда окуйсуз же иштейсиз?*

    Журналист катарында иш тажрыйбаңыз барбы? (эгер болсо кандай?)*

    Аймагыңыздан жаза турган үч такталган темаларды сунуштаңыз*

    Kloop.kgде же башка ЖМКда такай иштегиңиз келеби? Келечектеги кызматташууну кандайча көрөсүз?

    Кайсы темаларды сөзсүз жазыш керек деп эсептейсиз?*

    Кайсы темаларды жазуудан коркосуз же толук түрдө баш тартасыз?*

    Мен тренингде толугу менен кеч калбай жана калтырбай катыша алаарымды тастыктайм*

    ообажок

    Мен катышуучулар тренинг убагында тамак-ашка кеткен каражатын өздөрү каржылаары, бирок тренинг убагында кофе-брейктердин уюштурулуп тураары жөнүндө маалыматым бар экенин тастыктайм*

    ообажок

    * - Сөзсүз түрдө толтурулушу зарыл