Бишкекте жайкы аба ырайы туруксуз болууда — божомолдор боюнча, августтун башына чейин мезгил-мезгили менен жаан жаап турат. Силер да күтүүсүз жааган жаанда суу болуудан тажадынарбы? Kloop.kg суудан кургак чыгуунун эң ыңгайлуу ыкмаларын топтоду.

Албетте, жамгырда суу болуп калбоонун эң жөнөкөй чечими — бул жаан токтогончо үйдө же кеңседе отура туруу. Бирок зарыл иштер бар болуп, шашып жаткан болсоңор эмне кылуу керек?

Атайын ушундай учурлар үчүн Koop.kgнин кабарчысы нөшөрлөгөн жаанда суу болуп калбаш үчүн пайдаланылган эң ийгиликтүү ыкмаларды топтоду.

Полиэтилен коргонуусу

817614

Базарлар менен дүкөндөрдө кытайлардын жаан жаап жаткан маалда кийилчү целлофан коргонууларынын кеңири түрү сунушталган — анда полиэтилен плащтар менен бахилдерди гана эмес, ошондой эле кичинекей балдардын бешик арабасы үчүн да каптамаларды табууга болот.

baxily-200x130

Целлофан плащ анча сапаттуу эмес, бирок ал эң арзан жана балким тыкан варианттардын бири: полиэтилен коргонуусу компакттуу, аны кадимки жүз аарчыдай эле сумкага салып жүрүүгө болот.

Эң акыркы чара катарында бутка дарыканалардан кадимки эле медициналык бахилдерди алып кийип алууга болот. Аны менен силер келесоочо көрүнүп калабыз ойлобогула — аны кийип жүрсөңөр бут кийимиңер гана таза бойдон калбастан, буттарыңар да кургак болот.

Резина өтүк жана жамынма пончо

poncho_i_sapogi-329x420

Резина өтүк — бул кичинекей кезиңерден бери кийбей унутта калган нерсе же айылдагы чоң ата, чоң энеңердикине барган учурдагы көрүнүш эмес. Ал эмес Кейт Мосс сыяктуу топ-меделдер да зарыл болгон учурда өтүк кийишет.  Мосс түрдүү жылдары Британиянын Гластонберисиндеги рок-фестивалдарда бир канча жолу өтүк кийип чыккан.

Ден соолугуңардын дайыма маанилүүрөөк экенин эсиңерден чыгарбагыла, ошондуктан жамгырдуу аба ырайында ойлонбостон эле резина өтүк кийип, айланадагылардын пикири кандай болот деген ойлордон алыс болгула.

Резине өтүккө кошуча кылып ным өткөрбөгөн кездемеден тигилген, капюшондуу пончо кийип алууга болот. Пончо целлофан коргонуусуна караганда кыйла көбүрөөк орунду ээлейт, бирок резина өтүкчөн образды абдан жакшы толуктайт.

Адатта пончо тигиле турган материал — синтетика, таффета. Анын суу өткөрбөй турган катмары кол чатырдан же плащтан кем эмес коргойт.

Суу өткөрбөс костюмдар менен бут кийимдер

membr-200x130

Мембрандык куртка менен суу болбос бут кийим сатып алууга болот, алар жаратылышка чыгуу кийимдерин саткан бөлүмдөрдө сатылат. Бутуң суу болуп сейилдөө жагымсыз сезимдерди жаратып, сыркоолоп калууга себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан суу кирбеген бут кийим алып койгула.

Далда жер тапкыла

Эгер жаан силер жолдо бара жатканда башталып жана силер анча шашпасаңар, анда көбүнчө жакын жерден далда жер таап, күтө туруу жакшы. Дайыма бийик имараттын чатырынын алдында же кафеге кирип жаандын токтошун күтө турууга болот.

Ал ошондой эле чоң бактын түбү да болушу мүмкүн, бирок эсиңерден чыгарбагыла: эгер чагылган болуп жатса, анда ал жерден кетип, башка ылайыктуу жер табуу керек болот.

Жаан жаап жатканда кантип туура чуркоо керек?

Эгер силер абдан шашып жатсаңар же ылайыктуу далда жер таба албасаңар силерге илим жардам берет.

Физиктер азыраак суу болуш үчүн жаан жаап жатканда кандай ылдамдыкта жүрүү керек деген суроонун үстүнөн көп ойлонушкан. Алардын айрымдары жаанда жай басыш керек деп ишендиришсе, башкалары тескерисинче, ылдамдыктын тез болушу маанилүү экенин далилдөөгө аракет кылышкан.

run

Брещи университетиндеги Физика кафедрасын жетектеген италиялык профессор Франко Боччи бул боюнча өз изилдөөлөрүн европалык «Физика журналына» жарыялаган — ал жаан тик жааган маалда (адатта ал шамалсыз аба ырайы маалында болот) өтө катуу ылдамдык менен чуркоо керек деген жыйынтыкка келген.

Профессор Боччи эгер шамал артыбыздан уруп жатса, анда тескерисинче, тез чуркоо керек эмес, болгону шамалдын болжолдуу ылдамдыгын ээрчип, болушунча артты көздөй кыйшаюу туура болот деп эсептейт.

Эгер жаан жаап жаткан маалда бул кеңешти унутуп калбасаңар, анда аны сынап көрсөңөр болот.

Шашылышта көбү унутуп кала турган эң шексиз кеңеш: эгер кургак калууну кааласаңар, анда дайыма аба ырайын көргүлө. Ага өтө эле скептикалык мамиле кылууга болбойт — Кыргызстан боюнча туура божомолдордун жыштыгы 95 пайызга жакыныраак. Ошондуктан дайыма алдын ала кол чатыр алып алууга болот.

Эгер силер баары бир суу болуп калсаңар, анда өзүңөрдү бош кармап, ыракат алгыла. Бирок сыркоолоп калбаш үчүн үйгө келээриңер менен сөзсүз түрдө ысык чай ичкиле. Ал силерди тез жылытат, а андагы кафеин сергектик берет.

Албетте абалды ошондой эле жылуу жууркан менен сүйүктүү сериалдар да толук жакшырта алышат.

Башкы сүрөт: atacamaki/Flickr