Паспорт, акча, спорттук кийим, бут кийим жана кайраттуулук — парашют менен секирүүгө болгону мына ушул нерселер гана зарыл. Kloop.kgнин кабарчысы Айсулуу Бердалиева экстримден алган таасирлери менен бөлүшөт.
Алматыдагы «Байсерке» аэродромунда ар ишемби жана жекшемби күндөрү парашюттан секирүүгө болот. Ал үчүн болгону 55 килограммдан жеңил жана 90 килограммдан оор болбоо жетиштүү.
Парашюттан секирүүнү каалагандардын бардыгы тең алгач медициналык кароодон өтүшөт. Анын жүрүшүндө дарыгерлер тамырдын согушун жана кан басымын текшеришет. Эгер силер жүрөк кан тамыр системасы, психика, сөөктөр менен муундардагы оорулар менен жабыркасаңар, анда силерге парашюттан секирүүгө болбойт. Ошондой эле силер акыркы 24 сааттын ичинде алкоголдук ичимдиктерди ичип же баңгизатын пайдаланган болсоңуз да секирүүгө уруксат берилбейт.
«Отан» компаниясы жалгыз, инструкторсуз секирүүлөрдү гана уюштурат. Алгач аны укканда мени коркунуч сезими басты, бирок мен өзүмдү бир аз жоошуткан соң өз алдынча учуу кыйла жакшыраак деген жыйынтыкка келдим — анткени анда өз өмүрүм өзүмө гана көз каранды болуп калат эмеспи.
Инструктор айткандай, жашоо коопсуздугу парашютчунун өзүнө гана жүктөлөт.
«Парашюттарга байланышкан адаттан тыш учурлар болгон эмес! Көрсөтмөлөргө олутсуз мамиле кылган адамдар болгон. Жыйынтыгында андайлар колдорун, буттарын, жамбаштарын жана омурткаларын сындырышкан!», — деди машыктыруучу Елена.
Көрсөтмө теориялык бөлүк менен практикалык даярдыктардан турат. Практикалык даярдыктар өз ичине түрдүү бийиктиктерден секирүү жана секирүү маалындагы аракеттерди көрсөтүүдөн турат.
Парашют менен секирүүдө эмнелерди алып алуу керек?
Сөзсүз түрдө — таманы бийик, байлама спорттук бут кийим алуу керек. Ачык же чүпүрөк бут кийимдер жарабайт, анткени жерге түшүүдө буттарга коргоо керек.
Андан сырткары — спорттук кийим, паспорт жана секирүү үчүн төлөөгө 3600 сом алып алуу зарыл.
Секирүү алдында эмнелерди кылуу зарыл?
Эртең менен адаттагыдай эле тамактанып алып, аэродромго саат 9.00гө баруу керек.
Алгач келишимди толтуруп алуу зарыл: ага ылайык, силер өмүрүңөр үчүн өзүңөр жоопкерчилик аласыңар.
Дарыгер уруксат берип, акча төлөнгөндөн кийин үч сааттык көрсөтмө башталат. Алгачкы эки саатта инструктор парашюттардын кандай түрлөрү бар экендиги, алардын эмнелерден жасала тургандыгы, учактан кантип туура секирип, жерге кантип туура түшүү керектиги жөнүндө айтып берет.
Акырында секирүүгө жерден даярдыктар көрүлөт (ал мектептеги дене тарбия сабагына окшош): анда силер түрдүү бийиктиктеги тепкичтерден, ордуңардан секиресиңер, отуруп туруп же отжимание кыласыңар, ошондой эле секирүү маалында зарыл болгон аракеттерди көрсөтөсүңөр.
Силерге эки парашют кийгизишет: бирөөсү негизги, экинчиси запастагысы. Негизгиси катары берилчү десанттык Д1-5у парашюту СССРде эң көп пайдаланылчу. Ал автоматтык түрдө ачылат. Эгер ачылбай калса, силердин өмүрүңөрдү запастагы парашют куткарат. Анын баарынын салмагы 27 килограммды түзөт.
Секирүү маалында эмнелер болот?
Парашютчуларды учакта салмак категорияларына жараша отургузушат: эң оорлору биринчи, жеңилдери эң аягында секиришет, анткени адамдын салмагы канчалык оор болсо ал жерге ошончолук тездик менен жетет.
Учак 150 метрлик бийиктикке көтөрүлгөндөн кийин сыртты көрсөтүү үчүн инструктор эшикти ачат. Ал бийиктикти көз өлчөм менен эстеп калуу керек, анткени ага жеткенде талаага жайылган жебе түрүндөгү кездеме көрсөтүп турган шамалдын багытына бурулуу керек болот.
Учак 900 метрге чейин көтөрүлгөндө инструктор парашюттун жибин зым арканга илет. Ал үч секунддук эркин түшүүдөн кийин куполду каптамасынан бошотот да автоматтык түрдө ачылат. Силер аны өзүңөр ачпашыңар керек.
Жогоруда эркин түшүү үч секундга гана созулат деп айтылганы менен мага ал алты секундга чейин созулгандай сезилди. Инструктор айткандай жана жеке өзүм ынангандай, «силердин секирүүңөрдүн маңызы ошол үч секунддук эркин түшүүдө болот».
Ошондуктан көзүңөрдү жаппагыла деп кеңеш берет элем, антсеңер «эң башкысын» өткөрүп жибересиңер. Учактан секирейин деп турганда горизонтту карасаңар жакшы. Анткени жерди караганда силерди дүрбөлөңдү коркуу сезими капташы мүмкүн.
Мен ошондой кылдым, эркин түшүү маалында көзүмдү ирмеген да жокмун. Кар баскан тоолор, чексиз асман, булуттардын майда толкундары — баары тең «гуглмэпстегидей» көрүндү.
Парашют ачылган маалда жогору карай силкинүү болот да силерде токтоп калгандай сезим пайда болот. Ошол маалда башты жогору көтөрүп, куполду карап, бардыгы жайында экенине ынанышыңар керек.
Андан кийин парашютту башкаруу үчүн эки жипти колуңарга алышыңар керек. Алар менен ат мингендегидей эле оңго жана солго бурууга болот. Парашютум ачылгандан кийин эң эле алгач мен эркин түшүү маалында алган адреналинден улам болгон күчүм менен кыйкыра баштадым.
Башка парашютчулардын да кыйкырып жаткандыктарын уктум. Мага тоо чокуларынын деңгээлиндеги абада катып калганымдай сезилди.
Төмөн түшүү үч мүнөттөй убакытка созулат. 150 метрлик бийиктикте жеткенде жерге түшүү ылдамдыгын азайтуу үчүн шамалдын багытын көздөй бурулуу керек: аны талаадагы жебе көрсөтүп турат.
Жерге жүз метрдей аралык калганда ал сени көздөй ылдамдык менен жылып келе жаткандай сезиле баштайт. Менин жакында жерде болуп калаарыма ишенгим келген жок, анткени жаңы эле абдан бийик жерде жүрдүм эле да.
Ошондой шок абалда уламдан улам жакындап жаткан чөптү карап келаттым. Мени ал абалдан күтүүсүздөн кыйкырган үндөр чыгарды. Төмөн жактан: «Буттарыңды ий! Буттарыңдыыы!», деп кыйкырып жатышыптыр.
Мен буттарымды ийип, түйүп, тездик менен керектүү абалга алып келдим. Жерге он метрдей аралык калганда кыйла коркунучтуу болду. Мен тамандарымды бирге кармап, оюмдун баарын жамбашым менен буттарымдын чыңалуусуна топтодум.
Тамандарым топуракка тийди да анча катуу эмес, тепкичтен секиргендегидей соккуну сездим. Мени дароо бир тарапты көздөй тартып, капталыма барып жыгылдым. Ичимен: «Ушунча да жеңилби? Ушунча да оңойбу?» дедим.
Чалкама оодарылып, колумду көтөрүү менен баары жайында экенинин белгисин көрсөтүп, токтоно албай күлө баштадым.
Парашюттан секирип көрүү керекпи?
Парашют менен секирүүнүн алдында мээ автоматтык түрдө мүмкүн болчу коркунучтуу кесепеттерди ойлоп таап баштайт:
- А эгер жерге түшүп жатканда бир жеримди сындырып алсамчы? Же андан да жаман — өлүп калсамчы?
- А эгер парашютум ачылбай калсачы?
- Мен деген бийиктиктен корком да, кантип секирем?
- Секирүү маалында коркконуман эсимди жоготсомчу?
Бул суроолор бардык эле адамдарды токтотот. Бирок белгисиздиктен коркуу — эркин түшүүдөн абдан көп адреналин алуу, өмүр бою эстен кетпес көптөгөн таасирлер ээ болуу жана албетте өзүңдүн кайраттуулугуң менен кыялыңды ишке ашыра алгандыгыңа сыймыктануу мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыратпашы керек.
Парашюттан секиргенден кийин мен секиргендер менен өмүр бою секирсем деп кыялданып, бирок секире албай жүргөндөрдүн айырмасын түшүндүм.
Айырмасы бир гана нерседе — баштагы тоскоолдуктарда: аларды жеңип чыккандар кыялындагы нерселерин чындыкка айлантышат, а тобокелге баруудан корккондор — өмүр бою кыялкеч бойдон калышат.