Президент Реджеп Тайып Эрдогандын партиясынын 300 миңден ашык катын жарыялагандан кийин «Викиликс» сайтына Түркияда бөгөт коюлду.

«Викиликс» сайты Эрдогандын Адилеттүүлүк жана өнүктүрүү партиясынын 300 миңден ашык катын жарыялагандан кийин Түркиянын Байланыш департаменти 20-июлда порталга бөгөт койду.

Азырынча бөгөт коюунун расмий себептери белгисиз бойдон калууда. Эл аралык «Рейтерс» маалымат агенттиги Түркиянын Байланыш департаментинин өкүлдөрү аны «административдик чара» деп атагандыктарын билдирүүдө.

«Шаршемби күнү Байланыш жана телекоммуникациялар департаменти сайтка карата «административдик чаралар» кабыл алынганын билдирди — адатта Түркияда бул термин сайттарга бөгөт коюлгандыгын сыпаттоо үчүн колдонулат», — деп билдирди басылма.

«Викиликстин» жетекчилиги сайтка бөгөт коюлушу бийликтин коркуп жаткандыгынын далили болуп эсептелет деген пикирде.

«Цензура — дайыма коркуунун белгиси. Кимдир бирөө Викиликстен абдан коркуп жатат», — деп жазышты алар расмий твиттер-аккаунтуна.

Каттар «Викиликске» ишке ашпай калган Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракети жана аскер кызматкерлеринин, журналисттердин жана мугалимдердин массалык кармалышынан кийин жарыяланууда.

Акыркы маалыматтар боюнча, төңкөрүш жасоо аракетине катышуу жана президент Эрдоганга «жетишээрлик лоялдуу эместиги» үчүн 50 миңге жакын киши кармалып же жумуштан алынышты.

«Материалдар аскердик төңкөрүштөн бир апта мурда колго тийген. Бирок биз ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийин мамлекет тарабынан жасалып жаткан «тазалоолорго» жооп кылып, аларды жарыялоо датасын бир аз жылдырдык», — деп жазышкан «Викиликстин» авторлору.

Азырынча «Викиликске» Түркия бийлигине байланышкан маалыматтардын бир бөлүгү гана жарыяланды. Сайттын билдирүүсү боюнча, биринчи бөлүгү өз ичине 762 почта дарегин жана тиркелген файлдары менен 294 548 билдирүүнү камтыйт.

Жарыяланган каттардын негизги бөлүгү — саясатчылар, ошондой эле Түркия кызматташкан коңшу жана башка өлкөлөрдүн ишмердүүлүктөрү жөнүндөгү кыска жаңылыктарды жөнөткөн гугл-топтору менен маалыматтык агенттиктердин каттары.

Wikileaksтин билдирүүсү боюнча, маалымат булагынын «төңкөрүштүн же башка партиялардын артында турган адамдарга таптакыр тиешеси жок».

Ишке ашпай калган аскердик төңкөрүш

Түркияда аскердик төңкөрүш жасоо аракети 16-июлга караган түнү болгон — алгач козголоңчу аскерлер Босфордогу көпүрөнү ээлеп, Башкы штабдын жана борбордук телеканалдардын имараттарын басып алышкан. Андан соң ал телеканалдар аркылуу бийлик «толугу менен аларга өткөнүн» билдиришкен.

Учурдагы президент Реджеп Тайып Эрдогандын тарапташтары менен болгон кагылышуулардын жүрүшүндө аскер кызматкерлери акырындык менен чегинип, багынып башташкан — Түркиянын башчысы видеобайланыш аркылуу жарандарды көчөгө чыгып, абал тынчыганга чейин аны колдоого чакырган.

Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуулардын жыйынтыгында 190 жаран жана 104 козголоңчу каза болуп, дагы бир жарым миңдей киши жаракаттарды алышкан.

Түркиянын бийлиги козголоң уюштурууга учурда Америкада жашап жаткан президенттин мурдагы соратниги жана оппозициялык саясатчы Фетхуллах Гүленди айыптады.

Башкаруучу партия АКШдан Гүленди өткөрүп берүүнү талап кылды, а америкалык президент Барак Обама Түркияга аскердик төңкөрүштү иликтөөгө жардам берүүнү убадалады. Оппозиционердин өзү дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, Вашингтондон аны түрк бийлигине өткөрүп бербешин өтүндү.