Киевде журналист жана теле алып баруучу Павел Шеремет автоунаа жарылуусунан улам каза болду.

Жарылуу 20-июль күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:45те Киевдин Богдан Хмельницкий жана Иван Франко көчөлөрүнүн кесилишинде, МакДональдс ресторанынын маңдайында болду, деп билдирүүдө «Украинская правда» гезити.

Журналист үйүнөн чыгып, унаа менен бир канча ондогон метр жүргөн. Ал бара жаткан унаа «Украинская правданын» жетекчиси Алена Притулага таандык болгон, бирок жарылуу маалында ээси унаанын ичинде жок болгон, деп жазууда басылма.

«112 Украина» телеканалынын маалыматы боюнча, Шеремет «Вести» радиосунун таңкы эфирине бара жаткан. Журналист акыркы беш жылдан бери Украинада жашап, иштеп келген.

Киевдин Шевченков полиция бөлүмүнөн «112 Украина» телеканалына жарылуудан бир адамдын каза болгонун ырасташкан, бирок полициядагылар анын аты-жөнүн айта алышкан эмес.

Журналисттин каза болгонун «Новая газетага» анын жакын достору ырасташкан. Басылманын маалыматы боюнча, акыркы кездери Шеремет менен Притула алардын артынан аңдуулар болуп жатканын айтып даттанып жүрүшкөн.

Павел Шеремет — Орусияда, Беларуста жана Украинада иштеген беларус тектүү журналист. 1990-жылдардын ортосунан бери ал Орусиянын ОРТ каналынын атайын кабарчысы жана алып баруучусу болгон.

Кийинчерээк Шеремет телевидениеде журналист катары иштөөсүн токтотуп, бирок документалдык жана атайын долбоорлордун автору катары ишин улантып келген.

2012-жылдан тарта журналист «Украинская правдада» блог жүргүзө баштап, кийинчерээк басылманын аткаруучу директору болгон. Ошондой эле Шеремет Беларус президенти Александр Лукашенконун режиминин каршылашы жана оппозициялык «Белорусский партизан» сайтынын негиздөөчүсү катары белгилүү.