21-июль күнү бомба бар экендиги жөнүндөгү анонимдүү билдирүүдөн кийин Жогорку соттун имараты курчоого алынган. Сапёрлор имаратты текшерип чыгышып, жарылуучу зат табышкан жок.

Жогорку соттун имаратында бомба бар болушу мүмкүндүгү жөнүндөгү билдирүү Бишкек ИИББсинин нөөмөт бөлүмүнө 21-июль күнү эртең менен келип түшкөн. Жөнөтүлгөн ыкчам тергөө тобу имаратты курчоого алып, сот кызматкерлерин сыртка чыгарган.  

Издөө иштеринин жыйынтыгында инженер-сапёрлор менен ыкчам топ кызматкерлери эч нерсе табышкан жок.

Жогорку соттун басма сөз кызматынын башчысы Айнура Токтошева Kloop.kgнин кабарчысына бомба жөнүндөгү маалымат жалган болуп чыкканын билдирди.

«Ыкчам топ кызматкерлери баарын текшерип чыгышты, имаратта бомба бар болушу мүмкүн деген маалымат ырасталган жок. Биз, Жогорку соттун кызматкерлери, кадимки режимде иштеп жатабыз. Ыкчам топ бомба жөнүндө билдирүү жасаган адамды издейт», — деди ал.

Буга окшогон окуя 2016-жылдын январында болгон. Анда Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунун жетекчилигине имаратта бомба бар экендиги жөнүндө билдиришкен. Ал жерге барган ыкчам топ кызматкерлери имаратты курчоого алышкан. Жарылуучу затты издөө иштери төрт саатка созулуп, жыйынтыгында эч нерсе табылган эмес.