Парламентке өтпөй калган партиялардын төрагалары саясий бирикмелердин бюджеттерин кыскартууну, теле аркылуу саясатчылардын жалгыз чыгып сүйлөөсүнө жана шайлоо өнөктүгү маалында билборддорду пайдаланууга тыюу салууну сунушташты.

Үч саясий партиянын лидерлери — «Бүтүн Кыргызстандын» төрагасы Адахан Мадумаров, «Ар-Намыстын» төрагасы Феликс Кулов жана «Ааламдын» төрагасы Арстанбек Малиев — президентти жана Жогорку Кеңешти шайлоо жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүүнү сунушташты.

Алардын пикирлеринде, учурдагы шайлоо мыйзамдары «ачык, демократиялуу жана акыйкат» шайлоолорду камсыз кылбайт. Kloop.kgнин редакциясы шайлоолор жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү боюнча саясатчылардын негизги талаптарын белгиледи.

Үгүт иштерине, билборддорго жана концерттерге тыюу салуу

Саясатчылар талапкерлердин теле менен радиодон жалгыз чыгып сүйлөөсүнө, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүгө жана билборддорду пайдаланууга тыюу салууну сунушташты.

«Ар бир партия калк менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрбөйт. Элестетсеңер, 20 партия, алар ар эки саат сайын келип, чай-пай, тамак-самак, концерт-понцерт, дисотекаларды уюштуруп турса канча убакыт кетет? Эң маанилүү учур — билборддорго тыюу салынат, тактап айтканда, маскарапоздук токтойт», — деди Мадумаров.

Анын пикиринде, шайлоо алдындагы үгүттөөнүн негизги куралы саясатчылар калкты өз программасы менен тааныштырган тематикалык теледебаттар менен талкуулар гана болушу керек.

Саясатчы ал шайлоочуларга талапкерлерди жакшыраак түшүнүп, «таасирдүү образы» үчүн эмес, а саясатчынын өзү үчүн добуш берүүсүнө мүмкүндүк түзөт деп эсептейт.

Партиялардын бюджеттерин кыскартуу

Саясатчылар партиялардын шайлоодогу бюджетин 500 миллиондон 36 миллион сомго чейин кыскартууну сунуштап жатышат. Алардын пикирлери боюнча, эгер билборддор аркылуу үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынса, анда каражатты көп коротуу зарылдыгы жоголот.

shailoo2015_bilbord_kyrgyzstan

Партия төрагаларынын ишениминде, фондду кыскартуу бардык саясий партияларды шайлоо алдындагы талапкерлер тизмесине «сабатсыз чөнтөктүүлөрдү» эмес, а компетенттүү кесипкөйлөрдү тартууга басым жасоого аргысыз кылат.

Талапкерлердин аймактык тизмелерин түзүү

Коалиция өкүлдөрү шайлоочулар партиялардын тизмелериндеги өз аймагынан чыккан талапкерлерге добуш бериши керек деп эсептейт. Ал үчүн алар тогуз аймактык округ түзүүнү сунуштап жатышат. Партиялар ал округдардын ар бири үчүн аймактык талапкерлеринин тизмесин түзүшөт

Саясатчылардын пикиринде, бул партия тизмесиндеги талапкерлердин санын азайтат, а шайлоочуларга саясатчылардын анкеталык маалыматтары менен кененирээк таанышууга мүмкүндүк берет. Алар мисал катары шайлоочуларга тизмелеринде 120дан адам бар 14 партиянын бирин тандап алуу сунушталган 2015-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоону келтиришти.

«Жалпысынан саясий партиялар өз тизмелерине эки миңден ашык талапкер киргизишкен. Андай шартта шайлоочуга тандоо жасоо абдан кыйын болот», — деп жазылган саясатчылардын билдирүүсүндө.

Алар бөлүштүрүүнүн мындай ыкмасы шайлоочуларга партия үчүн гана эмес, а белгилүү бир талапкерлер үчүн добуш берүү мүмкүндүгүн түзөт деп эсептешет.

shailoo2015_izbirateli

Партия өкүлдөрү мындай бөлүштүрүүнүн жардамы менен Жогорку Кеңешке өз партиясынын гана эмес, а өз аймагынын да өкүлү болгон депутаттар келишет. Ошол эле маалда ал өлкөнү «аймактарга бөлүнүүнүн туңгуюгуна» алып барбайт.

Кыргызстанда кийинки парламенттик шайлоо 2015-жылдын октябрында шайланган учурдагы депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган 2020-жылы болушу керек. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо беш жылда бир өтүп турат. Парламентке өтүү үчүн партиялар 7 пайыздык босогодон өтүп, өлкөнүн ар бир облусундагы шайлоочулардын 0,7 пайыздан кем эмес добушун алуу керек болот.

Автор: Алтынай Обосканова
Видео: Азамат Каработоев
Сүрөт: Азаттык, Спутник