20-июлда Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоган өлкө аймагында өзгөчө абал режимин киргизди. Ал өз чечимин бийликте «түрк демократиясы үчүн жаралган коркунучтарга» каршы чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүнүн болушу керектиги менен түшүндүрдү.
Президент Реджеп Тайып Эрдоган Түркияда өзгөчө абал режимин киргизүү жөнүндөгү чечимин Улуттук коопсуздук кеңешинин 20-июлдагы жыйынында кабыл алды. Ал түз эфирде сүйлөп жатып режим өлкө аймагында үч ай күчүндө болорун айтты.
«Өзгөчө абал жарыялоонун максаты — демократияга, мыйзам үстөмдүгүнө жана жарандарыбыздын укуктары менен эркиндиктерине каршы багытталган коркунучтарга каршы тез жана натыйжалуу чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу», — деди ал.
Эл аралык Reuters агенттиги өзгөчө абал режими биринчи кезекте ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштүн тарапташтарына карата чараларды көрүүгө мүмкүндүк бере турганын жазууда.
«Түркиянын расмий басылмасына чыккандан кийин күчүнө кире турган өзгөчө абал жаңы мыйзамдарды кабыл алууда, ошондой эле зарыл деп эсептелген укуктар менен эркиндиктерди чектөө же токтотуу чечимдерин кабыл алууда президент менен министрлер кабинетинин парламентти айланып өтүүсүнө мүмкүндүк берет», — деп жазды басылма.
Hurriyet түрк басылмасынын маалыматы боюнча, өзгөчө абал режиминин киргизилиши менен түрк жарандарынын укуктары жана эркиндиктери чектелет — бийлик жашоочулардын белгилүү бир убактарда көчөгө чыгуусуна жана чогулуштарды өткөрүүсүнө тыюу сала алат. Андан сырткары чектөөлөр басма жана башка маалымат каражаттарына да тиешелүү болушу мүмкүн.
Hurriyet өзгөчө абал режиминин эрежелерине ылайык, жарандардын бийликтин буйруктарын аткаруудан баш тартуусу аскерлердин жашоочуларга карата ок чыгаруусуна мүмкүндүк бере турганын жазды.
Reuters билдиргендей, Эрдоган өзгөчө абал жарыялоодон мурда аскердик төңкөрүш аракетинен кийинки «тазалоолор» аяктай электигин айткан.
Ишке ашпай калган аскердик төңкөрүш
Түркияда аскердик төңкөрүш жасоо аракети 16-июлга караган түнү болгон — алгач козголоңчу аскерлер Босфордогу көпүрөнү ээлеп, Башкы штабдын жана борбордук телеканалдардын имараттарын басып алышкан. Андан соң ал телеканалдар аркылуу бийлик «толугу менен аларга өткөнүн» билдиришкен.
Учурдагы президент Реджеп Тайып Эрдогандын тарапташтары менен болгон кагылышуулардын жүрүшүндө аскер кызматкерлери акырындык менен чегинип, багынып башташкан — Түркиянын башчысы видеобайланыш аркылуу жарандарды көчөгө чыгып, абал тынчыганга чейин аны колдоого чакырган.
Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуулардын жыйынтыгында 190 жаран жана 104 козголоңчу каза болуп, дагы бир жарым миңдей киши жаракаттарды алышкан.
Түркиянын бийлиги козголоң уюштурууга учурда Америкада жашап жаткан президенттин мурдагы соратниги жана оппозициялык саясатчы Фетхуллах Гүленди айыптады. Оппозиционердин өзү дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, Вашингтондон аны түрк бийлигине өткөрүп бербешин өтүндү.
Ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийин төңкөрүш жасоо аракетине катышуу жана президент Эрдоганга «жетишээрлик лоялдуу эместиги» үчүн 60 миңге жакын киши кармалып же жумуштан алынышты.