«Айкөл Манас» китебинин автору Бүбү Мариям Муса кызы 15-июлда анын он томдугун экстремисттик деп таап, таркатууга тыюу салган Жумгал райондук сотунун чечими боюнча даттанат.

15-июлда Жумгал райондук соту «Айкөл Манастын» он томдугун экстремисттик деп тапкан. Китептин автору Бүбү Мариям Муса кызы ал чечим боюнча жогорку баскычтагы сотко даттанат.

Нарын облустук сотунун басма сөз катчысы Барыктабас Белеков Kloop.kgге соттун чечиминен кийин китептин басылып чыккан 3400 нускасынын 43 даанасы алынганын билдирди.

Анын айтымында, китепте «улуттар жана аймактар аралык кастыкты козуткан фактылар» бар болгондуктан, «Айкөл Манасты» басма, электрондук жана аудиожазуу түрүндө таркатууга тыюу салынды.

«Сот китепте кыргыздарды улуттук кемсинтүүгө алып келген тарыхый фактылар бар, көптөгөн нерселер бурмаланган деген чечим чыгарды», — деди ал.

Он томдукту окуп чыккан режиссёр Эрнест Абдыжапаров китепте экстремисттик нерселер жок деп эсептейт. Ал соттун чечимин чыгармачыл адамдарды «куугунтуктоо» деп атап, соттун кийинки жыйынына катыша турганын айтты.

«Он томдукту эмненин негизинде экстремисттик деп аташты? Демек эгер ар бири эле экстремисттик десе экстремисттик болуп калат экен да? Менимче сот шашылыш чечим чыгарып койду. Китептин кайсыл жери экстремисттик деп аталганын айтып беришсин», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

«Кырк чоро» коомдук уюмунун жетекчиси Замирбек Көчөрбаев соттун чечими «одоно ката» болду деп эсептейт. Бирок ал китепте ойдон чыгарылган каармандар менен окуялардын бар экендиги боюнча нааразычылыгын билдирди.

«Китепте көп нерселер туура эмес жазылган. Мисалы, Манастын апасынын образы туура эмес багытта баяндалган […] Бул китеп Саякбай Каралаев менен Сагынбай Орозбаковдун «Манасынан» айырмаланат. Эгер ал бул китепти тарыхый эмес, а автордук китеп катары жазганда, мындай талаштар болбойт болчу», — деди ал.

Манасчы Рыспай Исаков тескерисинче, райондук сот китепти экстремисттик деп таап, туура чечим чыгарган деп эсептейт.

«Китепте чынында эле бурмаланган жерлер өтө көп. Мен соттун чечимне кийлигишип, ага каршы чыга албайм», — деди ал.

Автор: Алмаз Эшбаев
Сүрөт: Азаттык