22-июль күнү кечинде куралдуу адам Мюнхендеги соода борборунда ок чыгарып, анын жыйынтыгында он киши каза болуп, дагы 16сы жаракат алышкан. Болжолдуу кылмышкер деп эсептелинип жаткан Мюнхендин 18 жаштагы жашоочусунун жансыз денеси алыс эмес жерден табылды.

Жаңылык 14:00дө жаңыланды

Мюнхендин түндүгүндөгү куралдуу кол салуу 22-июль күнү кечинде болгон — Deutsche Welle басылмасынын маалыматы боюнча, аткылоо тез тамактануу ресторанынын жанында башталып, «Олимпия» соода борборунда уланган.

Күбөлөрдүн айтымдарында, алгачкы атуулардан кийин шаарда дүрбөлөң башталган.

«Биз төмөнкү жагындагы «Макдоналдста» болчубуз, тамактаналы деп жатканбыз. Күтүүсүздөн дүрбөлөң башталган маалда биз кезекте турганбыз. Кызматкерлер чуркап чыгышты, калгандары алардын артынан чуркашты. Балдар ыйлап, бардыгы тең дүрбөлөңгө түшүп калышты», — деп билдирген күбөлөрдүн бири Би-би-синин кабарчысына.

Мюнхен полициясынын маалыматы боюнча, кол салуунун жыйынтыгында ок киши каза болуп, дагы 16сы жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу мекеме өзүнүн расмий твиттер-аккаунтуна жазды.

Мюнхен бийлиги шаарда өзгөчө абал киргизген — аткылоо болгон аймак полиция тарабынан курчоого алынып, ооруканалар күчөтүлгөн режимде иштөөсүн баштаган, шаардагы транспорт кыймылы убактылуу токтотулуп, бийлик жашоочулардан үйлөрүнөн чыкпоосун өтүнгөн.

Кол салган адамды колго түшүрүү боюнча атайын операция шаарда бир нече саатка созулган.

Тергөө органдары кол салгандар үчөө болгон деп болжолдоп жатышкан, бирок жалгыз аракет көргөн Мюнхендин 18 жаштагы жашоочусу гана табылды.

«Анын жансыз денеси атайын операциянын жүрүшүндө болжол менен окуя болгон жерден бир чакырым алыстыкта табылды. Азырынча анын полиция тарабынан өлтүрүлүп же өзүн өзү аткандыгы белгисиз. Анын эмнеге мындай кадамга баргандыгын да тактоо керек», — деп жазды Би-би-си полициянын билдирүүсүн.

Азырынча Германиянын бийлиги кол салууну теракт деп атай элек, бирок кылмыштын террористтик мүнөзүн жокко чыгарбай эле.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон өзүнүн твиттер-аккаунтуна Мюнхендеги аткылоо анын «үрөйүн учурганын жана кайгыртканын» жазды.

«Бул маалда менин ойлорум — курмандыктар менен, алардын сүйүктүүлөрү жана жалпы Германия менен», — деп жазды ал.

АКШ президенти Барак Обама Мюнхендеги аткылоого байланыштуу көңүл айтып, герман бийлигине көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Бул апта ичинде Германияда болгон бул сыяктуу алгачкы окуя эмес — 22-июлда Баварияда бычак жана балта менен куралданган киши Вюрцбургдагы поезддин төрт жүргүнчүсүн жарадар кылган. Кол салган адам ал жерге жетип барган полиция кызматкерлери тарабынан атылып өлтүрүлгөн.

Германиянын ички иштер министри Томас де Мезьер Германиянын жашоочуларын «радикалдардын анча чоң эмес топтору же жалгыз жихадчылар» тарабынан уюштурулган кол салуулардын уланышы мүмкүндүгүнө даяр болууга чакырды.

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев, Айжамал Идирис, Айсулуу Бердалиева