Ала-Тоо аянтында жайгашкан Тарых музейинин кампасындагы өрт 22-июль күнү кечинде башталган. Өрттөн эч ким жабыркаган эмес, азырынча андагы экспонаттарга зыян келтирилген-келтирилбегендиги белгисиз.

Тарых музейиндеги өрт тууралуу билдирүү саат 22:12де келип түшкөн — ӨКМдин өкүлү Эльмира Шерипованын айтымында, өрт музейдин кампасынан башталган.

Өрт болжол менен саат 23:20да өчүрүлүп бүттү — учурда ал жерде үч өрт өчүрүү тобу бар. Өрт чыккан жерде жүргөн Kloop.kgнин кабарчысы билдиргендей, кампадан дагы деле түтүн чыгууда.

Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери белгисиз, жабыркагандар жок. Музейдин экспонаттарына зыян келтирилген-келтирилбегендиги да белгисиз.

«Өрт өчүрүлдү, өрт өчүрүүчүлөр кампада болгон нерселерди сыртка алып чыгышты. Эмненин жана канча деңгээлде күйгөндүгү эртең белгилүү болот. Адатта тергөө иштери 10 күн ичинде жүргүзүлөт», — деди ӨКМдин өкүлү.

Тарых музейи Бишкектин борборундагы Ала-Тоо аянтында жайгашкан. Учурда ал оңдоп-түзөө иштери үчүн жабык, андагы иштерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата ушул жылдын августунда аяктоо пландалууда.