Бишкек мэриясы ботаникалык бактын аянтынын бир бөлүгүнүн эсебинен Каракөл көчөсүн кеңейтүүнү пландап жатат. Экологдордун пикирлеринде, бул демилге мыйзамды бузат, анткени бак — өзгөчө коргоодогу аймак болуп эсептелет.

Бишкек бийлиги Токтоналиев көчөсүн кеңейтип, аны Ала-Арча суусунун үстүнөн өтчү көпүрө аркылуу Каракөл көчөсү менен бириктирүүнү чечти. Ал үчүн мэрияга ботаникалык бактын бир четин алуу талап кылынууда.

Ботаникалык бактын директору Медет Ахматов жолду кеңейтүү 227 бак менен бадалдардын кыйылышына жана аларды сугаруу үчүн пайдаланылган арык системасынын зыянга учуратылышына алып келе тургандыгын айтууда.

«Коллекциядагы өсүмдүктөрдүн 227син кыйууга туура келет. Алар негизинен бактар жана бадалдар. Бул 18 чакты өсүмдүктүн түрү. Бизде ансыз деле бак-дарактар кыскарууда, эгер ботаникалык бактын аянты азайса, ал өсүмдүктөрдүн санынын да кыскарышына алып келет. Эң башкысы биздин коллекциялык фондду зыянга учуратат», — деди ал.

Ахматовдун айтымында, ботаникалык бак өзгөчө кайтаруудагы жана мамлекеттик коргоого алынган жаратылыш аймагы болуп эсептелгендиктен, анын аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берилбейт. Бирок мэрия жолду кеңейтүү үчүн бактын бир четин алууга уруксат берүү өтүнүчү менен өкмөткө кайрылуусун жөнөткөн.

Эколог Эмил Шүкүров мэриянын демилгесине каршы. Ал бийлик климаттык системаны көзөмөлдөгөн өсүмдүктөрдү кыйбашы керек деп эсептейт.

«Бул бир эле учурда мыйзамга да, жаратылышка да көңүл кош мамиле болуп жатканын көрсөтүүдө, анткени ботаникалык бак — шаарда нормалдуу чөйрөнү калыбына келтире турган жер», — деди ал.

Тосмону жылдыруу

Мэриянын басма сөз катчысы Гуля Алмамбетова Kloop.kgге курган маегинде азырынча мэрия жолду кеңейтүү иштерин баштай электигин жана долбоор макулдашуу баскычында турганын билдирди.

Анын айтымында, кеп ботаникалык бактын аймагынын көбүн алуу жөнүндө эмес, а анын «советтик стандарттар» боюнча — унаа тыгындарына алып келчүдөй жолго өтө жакын курулган тосмосун жылдыруу жөнүндө болууда.

«Ботаникалык бактын аянты тосмосун жылдыруунун эсебинен азаят. Бул акыркы макулдашууга келгенде гана. […] Азырынча долбоор макулдашуу баскычында жана азырынча бактардын кыйылаар-кыйылбасы белгисиз. Азыр дагы көп бар, кеп документтердин долбоорлору жөнүндө гана болууда», — деди ал.

Гуля Алмамбетова мэрия бактын тосмосунун жанында өсүп жаткан ар бир өсүмдүк боюнча Улуттук илимдер академиясынын корутундусун күтүп жатканын белгиледи. Эгер өсүмдүктөрдү көчүрүү же көчөттөрүн сатып алуу зарыл болсо, анда мэрия «каржылык жана уюштуруу милдеттенмелерин өзүнө алат».

Ботаникалык бак

Ботаникалык бак 1938-жылы негизделген. Анын башкы илимий милдеттеринин бири – бул өсүмдүктөрдү климатташтыруу. Бишкекти жашылдандырууда колдонулган жана колдонулуп жаткан бардык бактар менен бадалдар ботаникалык бактын шарттарында эксперименталдуу изилдөөлөрдөн өткөрүлгөн.

Бактын аймагын курулуш иштери үчүн бир канча жолу алууга аракет кылышкан — 2013-жылы Бишкек бийлиги 12-кичи районундагы Токомбаев көчөсүн реконструкциялоо үчүн бактын түштүк бөлүгүндөгү бактарды кыйган.

Мэрия Токомбаев көчөсүн быйыл кайрадан кеңейтип, ботаникалык бактын «тосмосун жылдырууну» пландап жатат.

«Токомбаев кеңейтилет, анткени азыр ал жер бөтөлкөнүн мойнундай болууда, эки тилкелүү жол келип бир тилкелүүгө айланып, жогорку бөлүгүндө унаа тыгынын жаратууда. Анда [ботаникалык бактын аймагында] көп деле бак жок, ал жерде курулуш таштандылары топтолууда», — деди Гуля Алмамбетова Kloop.kgге курган маегинде.