100дөн ашык киши «Мага үй керек» деген ураан менен жеткиликтүү турак-жай талап кылып митингге чыгышты. Акциянын катышуучулары милиция митингдин уруксатсыз экенин билдирип, анын уюштуруучуларын кармап кеткенден кийин таркашты.

Жеткиликтүү турак-жай талап кылган митинг 27-июлда Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта болду. Акциянын катышуучулары колдоруна «Мага үй керек» деген ураандар жазылган кагаздарды кармашып, бийликтин үй курууга жер тилкелерин бөлүп беришин талап кылышты.

Ал жерге келген милиция кызматкерлери митингдин уруксатсыз экенин билдиришип, анын уюштуруучуларын кармап кетишти.

Бишкек шаардык ИИББсинин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев Sputnik маалымат агенттигине курган маегинде митингге катышып жаткан он адам милиция бөлүмүнө жеткирилгенин жана анда аларга карата коомдук тартипти бузгандыктары жөнүндөгү административдик протоколдор түзүлө турганын айткан.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи Замир Жоошев катышуулар митингдин уюштурулуп жаткандыгы тууралуу укук коргоо органдарына алдын ала жазуу түрүндө кабарлап коюшу керек болгонун айтты.

«Митингдерди өткөрүүгө уруксат алуу керек. Уюштуруучулар алдын ала алдыдагы чогулуш жөнүндө мэрияга же акимиатка жазуу түрүндө билдирүү бериши керек болчу. А андай болбосо милиция катышуучуларды кууп таратып, эгер каршылык көрсөтсө кармап кетүүгө укуктуу», — деди ал.

Катышуучулардын өзүлөрү митингдин уюштурулуп жаткандыгы жөнүндө укук коргоо органдарына эскерткендиктерин айтып жатышат.

Оор турмуштук абал

Нааразычылык акциясынын катышуучулары мамлекеттин Бишкекте жашаган аз кирешелүү үй-бүлөлөргө жер бербей жаткандыгына нааразы.

Акциянын катышуучуларынын бири Мукаш Калчороев Kloop.kgнин кабарчысына 10 миңге жакын киши турак-жай курулуш кооперативине биригип, көп кабаттуу үй куруп берүүгө даярдыгын билдирген кытай инвесторлору менен макулдашканын айтты.

Бирок «Заноза» маалымат агенттиги коалициянын инвесторлор менен кызматташпастыгына ишендирүүдө. Басылманын маалыматы боюнча, митингдин уюштуруучусу жана коалициянын түзүүчүсү Нурлан Асанов буга чейин алдамчылыкка айыпталган.

«Ар ай сайын 50 сомдон (мүчөлүк акы) чогултабыз. Ал акчалар өкүлчүлүк чыгымдарына жумшалат. Жакында эле биздин лидерлер кытай инвесторлорун тартуу үчүн Кытайга барып келишти. Инвесторлор макул болушту, бирок бизге алгач үйүбүз курула турган жер тилкеси керек. Бүгүн мына ошол үчүн чогулдук», — деди Калчороев.

Митингдин дагы бир катышуучусу Сабира Бостонова митингчилердин көбү оор турмуштук абалдарда экенин, ошондуктан мамлекеттен жардам сурап жаткандыктарын айтты.

«Менин кызым майып, өзүмдүн кант диабетим бар. Ай сайын батирге төрт миң сомдон төлөйбүз. А айлык акыбыз өтө аз. Анан мына буга кол коюуга туура келди. Мында мен сыяктуу эле адамдар чогулду», — деди ал.

«Мамлекет турак-жай маселесине көңүл бурушу керек»

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев мамлекет турак-жай маселесине көңүл бурушу керектигин билдирген — 2015-жылы өкмөт «Жеткиликтүү турак-жай» программасын киргизген. Ага ылайык, Кыргызстандын бардык аймактарында бюджеттик мекемелердин кызматкерлери: мугалимдер, дарыгерлер жана социалдык жумушчулар үчүн көп кабаттуу үйлөр курулушу керек болчу.

Үйлөрдү курууга тендерлер 2016-жылдын мартында гана жарыяланган, а үйлөрдүн курулушу 2020-жылга карата аякташы керек.

«Үй үй-бүлө өзүн бактылуу сезиши үчүн зарыл. Мен дагы 6–7 жыл батирден батирге көчүп жүргөм, ошондуктан турак-жай маселесин өтө жакшы түшүнөм. Турак-жайга ээ болуу — жаш үй-бүлөнүн жашоосундагы эң маанилүү окуялардын бири, ошондуктан мамлекет жарандарды турак-жай менен камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл бурушу керек», — деп билдирген президент.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн макала жарыяланып жаткан маалга карата өкмөт менен президенттин аппараттарынын басма сөз кызматтары жеткиликсиз болуп чыкты.

Автор: Алтынай Обосканова
Сүрөт: Заноза