Бычак менен куралданган адам Жапониянын Самигахара шаарындагы майыптар борборуна 26-июлда кол салды. Анын жыйынтыгында 19 киши каза болуп, 45и жаракат алды. ЖМКлар шектүү адамдын өзү колго түшүп бергенин билдиришүүдө.

Жапониянын Канагава префектурасында жайгашкан Смигахара шаарындагы окуя 26-июлга караган түнү болду. Эл аралык Reuters агенттиги бычак менен куралданган адам 149 киши жашаган майыптар борборуна кол салганын билдирүүдө.

Агенттиктин маалыматы боюнча, кол салуудан 19 киши каза болгон, бирок Жапония бийлиги аларды расмий түрдө каза болгондор деп атабастан, «жүрөктөрү токтоп калгандыгын» жазып жатышат. Reuters жергиликтүү Киодо жапон маалымат агенттигине шилтеме жасоо менен каза болгондордун арасында 18ден 70 жашка чейинки курактагы тогуз эркек жана он аял бар экенин жазды.

Кол салуунун жыйынтыгында 45 киши жаракат алды, алардын 20сынын жарааты «олуттуу» деп бааланууда.

The Japan News маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, борбордун жетекчилиги кол салуу тууралуу дароо укук коргоо органдарына кабарлаган, бирок полиция кызматкерлери келгенче ал көптөгөн кишилерге бычак саюуга жетишкен.

ЖМКлар кол салган адам — 26 жаштагы киши — полиция бөлүмүнө кийимдерин жана канга боелгон бычакты көтөрүп барып колго түшүп бергенин жазып жатышат. Аны кол салууга кандай себептер түрткөндүгү азырынча кабарланбай эле, бирок жергиликтүү JapanTimes маалымат агенттиги кол салган адам полицияга: «Майыптардын жок болуп кеткени жакшы», деп айтканын жазды.

Окуядан кийин префектура губернатору Юдзи Куроива шашылыш маалымат жыйынын уюштуруп, жергиликтүү бийлик жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүүгө жана кийинки кол салуулардын алдын алуу үчүн болгон аракетин көрө тургандыгын билдирди.

Жапон бийлиги окуяны теракт деп атабай эле — өлкөнүн министрлер кабинетинин катчысы Йошихиде Суга болжолдуу кылмышкердин «Ислам мамлекети» тобунун согушкерлери менен байланышы жок экенин билдирди.

ЖМКлар кол салууну Экинчи дүйнөлүк согуштан берки «эң көп кан төгүлгөн» окуя деп баалап жатышат. CNNдин кабарчысы Пола Хэнкокс Жапонияда курал алып жүрүүгө тыюу салынгандыктан, өлкөдө «массалык адам өлтүрүү» өтө сейрек кездеше турганын жазды.

Буга окшогон окуя Жапонияда 2008-жылы болгон. Анда 25 жаштагы бычак менен куралданган адам Токионун киши көп жүргөн районунда жети кишини өлтүрүп, онун жарадар кылган. Кол салган адам полиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин «жашоодон чарчагандыктан» улам адамдарга кол салганын билдирген.