Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башчысы Алтынбек Максүтов өз каалоосу менен 27-июлда кызматтан кетти. Өз чечимин ал чыгармачылык менен алектенүү каалоосу менен түшүндүрдү. Министрдин отставкасы өкмөт тараптан анын дарегине айтылган сын-пикирлердин фонунда болууда.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын башчысы Алмаз Үсөнов Kloop.kgге Максүтов «өз каалоосу менен» арыз жазгандан кийин президент анын отставкасы тууралуу жарлыкка кол койгонун ырастады.

«Азаттык» радиосу маданият министри өзүн чыгармачылыкка арноо чечимине келгендиктен улам кызматтан кеткенин билдирүүдө. Максүтовдун өзү кызмат ордун жаңы адамдар үчүн «бошотконун» айтты.

«Мамлекеттик кызмат деген ушундай, жаңы адамдар келип иштеши керек. Мен аларга орун берүү үчүн өз каалоом менен арыз жазып бердим», — деген Максүтов «Азаттык» радиосуна курган маегинде.

Алтынбек Максүтов маданият министри кызматына 2014-жылдын октябрында киришип, анда эки жылга жакын иштеди. Ага чейин Максүтов Кыргыз Улуттук филармониясы менен Бишкек шаардык драмалык театрда режиссёр болуп иштеген. Ал 20 жыл бою театр жана кино актеру болгон.

Алтынбек Максүтовду маданият министри кызматына бекитүүдө айрым депутаттар ага ишенбестигин билдиришкен. Депутат Бөдөш Мамырова аны «Маданиятты жоктоп ыйлаган» митингге катышкандыгы үчүн сындаган.

«[…] Силер министрликте иштөөнү кандайдыр бир шоу катары кабыл алып жатасыңар. Бул министрликте туризм менен да, маалыматтык саясат менен да алектенүү керектигин эсиңерден чыгарбагыла», — деген ал.

Министр ошондой эле өкмөттүн аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары Айбек Исаевдин да сынына кабылган. Исаев 27-июлда аны экстремизмдин алдын алуу жана социалдык түйүндөрдөгү маалыматтарды көзөмөлдөө боюнча иш-чараларды өткөрбөй жатат деп айыптаган. Июлдун башында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Максүтовго сөгүш жарыялаган.

Сүрөт: Новые лица