Бийликтен Бишкектин жашоочуларынын үй куруусуна жер берүүнү талап кылган турак-жайга муктаждардын митингинин уюштуруучулары камакка алынышты. Нааразычылык акциясынын дагы 28 катышуучусуна «коомдук тартипти бузгандыгы» үчүн 300 сомдон 500 сомго чейинки өлчөмдө айып пул салынды.  

26-июлда Горький атындагы сейил бакта өткөн турак-жайга муктаждардын митингинен кийин укук коргоо органдары 33 кишини кармап, Биринчи май РИИБсине жеткиришкен. Алардын көбүнө — 28 кишиге — 300 сомдон 500 сомго чейинки өлчөмдө айып пул салынды.

«Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендиктери» үчүн митингдин дагы үч катышуучусу үч суткага, а анын уюштуруучусу Нурлан Асанов төрт суткага камакка алынышты.

Бишкек шаардык ИИББсинин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев 26-июлда өткөн митингдин катышуучулары Бишкектеги аянтка чыгып, жолду тосууну пландагандыктарын билдирди.

Казабаевдин айтымында, милиция митингдин уюштуруучулары менен катышуучуларын «коомдук тартипти бузгандыктары» үчүн кармаган.

Митингди уюштурган Турак-жай курулуш кооперативдеринин коалициясынын басма сөз катчысы Эралы Жуналиев Kloop.kgге курган маегинде уюштуруучулар тынчтык митингин өткөрүп, Горький багынан Ак үйгө чейин барууну пландап жаткандыктары жөнүндө милиция менен мэрияга алдын ала билдиришкендигин айтты.

«Биз башкаларга тоскоолдук кылбастан тротуарлар менен гана баралы деп жатканбыз […] Биз Горький багына чогулгандан кийин дароо эле активисттерибизди Биринчи май райондук ИИБсинин кызматкерлери кармап, күчтөп автобуска салып алып кетишти. Алар катышуучуларды урушту, ал эмес кош бойлууларды да, сөгүнүшүп, өздөрүн адепсиз алып жүрүштү. Алардын арасында мас кызматкерлер да жүрдү. Буга чейин биз тынчтык митингдерин өткөрүп жүргөнбүз, баары нормалдуу эле болчу. Бизде Атамбаевдин сүрөттөрү менен «Биз элди ойлогон президентти колдойбуз» деген жазуулар бар болгон, бирок милиционерлер эмнегедир аларды жыртып салышты», — деди ал.

Бишкек милициясынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев Kloop.kgге митингчилердин бул айткандарын четке кагып, аларды «чагымчылдар» деп атады.

«[…] Алар бүт жерде алдап, чагымчылдык кылып жүрүшөт. Алардан эч кандай жакшы нерсе күтпөш керек. Силер митингдин жыйынтыгын өзүңөр көрдүңөр. Аларга чектен чыгууга, аянтка барууга, жолдорду тосууга болбой тургандыгы жөнүндө эскертилген. Бирок ага карабастан алардын уюштуруучусу Нурлан Асанов (аянтка чыгууга) аракет кылып, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийген эмес. Жулунуп чыгып, элди аянтка ээрчитип барууну каалаган», — деди ал.

Турак-жайга муктаждардын митинги Бишкектин Горький атындагы сейил багында 26-июлда өткөн. 100дөн ашык киши бийликтин шаардын өз кирешелүү жашоочуларына үй курууга жер бербей жаткандыгына нааразычылыгын билдиришкен.

Акциянын катышуучулары ал жерге барган милиция митингдин уюштуруучуларын кармай баштаганда таркап кетишкен. Укук коргоо органдары митингдин уруксатсыз экенин билдиришкен, бирок нааразычылыгын айтып чыккандардын өзүлөрү Kloop.kgге акция тууралуу милиция менен мэрияга билдиргендиктерин айтышты.

Кийинчерээк акциянын катышуучулары митингди анын уюштуруучулары жеткирилген Биринчи май РИИБсинин имаратынын алдында улантышкан.

Авторлор: Бегимай Исаева, Алтынай Обосканова
Сүрөт: Sputnik