27-июлда Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан Эль-Камышлы шаарындагы жардыргыч зат жүктөлгөн жүк унаасынын жарылуусунан 50дөй киши каза болуп, кеминде дагы 100 киши жаракат алды.

Сириянын түндүк-чыгышындагы кол салуу 27-июлда болду — жардыргыч зат жүктөлгөн жүк унаасы менен мотоцикл Хасаке провинциясындагы Эль-Камышлы шаарында жарылды.

Эл аралык Reuters маалымат агенттиги эки жардыруунун жыйынтыгында 50дөй киши каза болуп, кеминде дагы 100ү түрдүү даражадагы жаркаттарды алганын билдирүүдө.

«Свобода» радиосунун маалыматы боюнча, жаракат алгандардын көбү — жергиликтүү жашоочулар жана күрт коргонуу күчтөрүнүн согушкерлери. Басылма жарылуунун күчү бир канча курулушту бузуп, жакын жердеги имараттардын айнектерин талкалоого жеткидей кубаттуулукта болгонун жазууда. Жардыруулар үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекетинин» согушкерлери алышты.

Адам укуктарынын сакталышына көз салуу боюнча Сирия борбору окуяны акыркы жылдары «эң көп адам каза болгон» кол салуу деп атады.

Обсерваториянын маалыматы боюнча, каза болгондордун саны кобөйүшү мүмкүн, анткени жаракат алгандардын бир бөлүгү өтө оор абалда жатышат.

Эль-Камышлыдагы кол салуу учурда президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп жаткан көтөрүшчүлөр тобу, өкмөттүк күчтөр жана террористтик «Ислам мамлекети» уюмунун ортосунда болуп жаткан Сириянын ири шаары Алепподогу согуштук аракеттердин фонунда жасалууда.

Ошондой эле каршылашууларга Хасаке провинциясынын көпчүлүгүн көзөмөлдөп турушкан күрттөрдүн коргонуу күчтөрү да катышып жатышат.

Алепподогу аскердик аракеттер 2011-жылдын мартында башталган Сириядагы жарандык согуштун эпизоддорунун бири. 2016-жылдын февралында өлкөдө ок чыгарууну токтотуу режими күчүнө киргени менен атышуулар менен жардыруулар уланууда.

Адам укуктарынын сакталышына көз салган Сирия борборунун баалоосу боюнча, Сириянын аймагындагы бомбалоолор менен атышуулардын жыйынтыгында жалпысынан өлкөдө 280 адам каза болуп, беш миллиондон ашык сириялык Европа Биримдигине мүчө өлкөргө качып барууга аргасыз болушкан.