Түркия бийлиги тарабынан 100дөн ашык жалпыга маалымдоо каражаты жабылды. Бул ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштөн кийин киргизилген өлкөдөгү өзгөчө абал режимине байланыштуу. «Чек арасыз кабарчылар» уюму журналисттердин «негизсиз камакка алынып жаткандыгы» үчүн түрк бийлигин айыптады.

Түркиянын ички иштер министри Эфкан Ала 27-июлда CNN Turk каналынын эфиринде сүйлөп жатып бийлик бир катар ЖМКларды жабуу чечимин кабыл алганын билдирди. Жалпысынан жергиликтүү 131 басылма жана телеканалдардын жабылгандыгы жөнүндө айтылды.

CNN Turk телеканалынын маалыматы боюнча, 27-июлга карата үч жаңылыктар агенттиги, 23 радиостанция, 16 телеканал, күн сайын чыгуучу 45 гезит, 15 журнал жана 29 басма үй жабылган.

Жабылган басылмалардын көбү оппозициялык саясатчы Фетхуллах Гүлендин кыймылы менен байланыштырылып жаткан Feza холдингине таандык. Түрк бийлиги Гүленди 16-июлдагы ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштү уюштурууга айыптап жатат.

ЖМКлардын жабылышы Түркия бийлиги аскердик төңкөрүш жасоо аракетинен кийин киргизген өзгөчө абал режимине байланыштуу.

Басылмалар жабылганга чейин өкмөт Гүленге таандык популярдуу Zaman гезитинин редакциясында иштеген 47 журналистти камакка алууга ордер берген.

Түркиядагы журналисттердин камакка алынышын АКШ бийлиги «тынчты алган тенденция» деп атады. Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Жон Кирбинин пикиринде, камакка алуулар коомдук диалог үчүн тоскоолдук болот.

Эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» бейөкмөт уюмунун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча жетекчиси Йоханн Бир Түркия бийлиги негизсиз камакка алууларды токтотушу керек деп эсептейт.

«Ишке ашпай калган төңкөрүш жасоо аракетинен кийин түрк бийлигинин конституциялык тартипти коргоого болгон укугун эч ким жокко чыгарбай эле, бирок жүздөгөн кишилер өмүрүн берген демократияны негиз салуучу эркиндиктерди тепселөө менен коргоого мүмкүн эмес», — деп билдирди ал.

Ишке ашпай калган төңкөрүш

Түркияда аскердик төңкөрүш жасоо аракети 16-июлга караган түнү болгон — козголоңчу аскерлер Босфордогу көпүрөнү ээлеп, Башкы штабдын жана борбордук телеканалдардын имараттарын басып алышкан. Андан соң ал телеканалдар аркылуу бийлик «толугу менен аларга өткөнүн» билдиришкен.

Учурдагы президент Реджеп Тайып Эрдогандын тарапташтары менен болгон кагылышуулардын жүрүшүндө аскер кызматкерлери акырындык менен чегинип, багынып башташкан — Түркиянын башчысы видеобайланыш аркылуу жарандарды көчөгө чыгып, абал тынчыганга чейин аны колдоого чакырган.

Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуулардын жыйынтыгында 246 жайкын адам каза болуп, эки миңге жакыны жаракаттарды алышкан.

Түркиянын бийлиги козголоң уюштурууга учурда АКШнын Пенсильвания штатындагы Сэйлорсбургда жашап жаткан президенттин мурдагы соратниги жана оппозициялык саясатчы Фетхуллах Гүленди айыптады. Оппозиционердин өзү дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, Вашингтондон аны түрк бийлигине өткөрүп бербешин өтүнүүдө.

Ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийин бийлик төңкөрүш жасоо аракетине катышуу жана президент Эрдоганга «жетишээрлик лоялдуу эместиги» үчүн 60 миңге жакын кишини кармап же жумуштан алды, алардын арасында аскер кызматкерлери, окуу жайлардын окутуучулары, судьялар бар.

Аскердик төңкөрүш жасоо аракети Түркияда үч айга өзгөчө абал режиминин киргизилишине себеп болду, режим аяктаганга чейин бийлик Адам укуктары боюнча Европалык конвенциянын аракеттерин токтоткон.

Сүрөт: The Guardian