Xiaomi кытай компаниясы коомчулукка эргономикасы жана мүнөздөмөлөрү боюнча MacBook менен атаандаштык кыла алчу Windows 10до иштеген ноутбугун тааныштырды. Ошол эле маалда анын баасы компания үчүн мүнөздүү болгондой өтө төмөн — коомчулукка көрсөтүлгөн эки ноутбуктун кубаттуураагын 750 АКШ долларына сатып алууга болот.

Батышта Xiaomi компаниясы көрүнүктүү мүнөздөмөлөргө ээ, бирок баалары «күлкүлүү» болгон техникаларды өндүрө тургандыгы менен белгилүү. Ошол эле маалда ал көбүнчө өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн рынокторунда иштейт:  Кытайда, Индияда жана жакындан бери Орусияда.

Бул кытай брендинин техникалары Бишкектеги дүкөндөрдө да жок эмес — Кыргызстанда алдыңкы смартфондордун мүнөздөмөлөрүнө ээ болгон Xiaomi телефондорун 200 долларга, экшн-камерасын 100 долларга жана фитнес-трекерин 1000 сомдон аз суммага сатып алууга болот.

Mi_Notebook_Air_05.0

Эми Xiaomi ноутбуктардын рыногуна да чыга баштайт. Компания коомчулукка эки көлөмдө (экраны 13.3 дюйм жана 12.5 дюйм) жеткиликтүү болчу Mi Notebook Air ноутбугун тааныштырды.

Чоң экрандуу үлгүсү — ал экөөнүн кыйла кубаттуураагы. 13.3 дюймдук ноутбук 2,3 гигагерц жыштыктагы Intel Core i5 процессору менен жабылган, 8 гигабайт оперативдик эс тутумга жана 256 гигабайт негизги эс тутумга ээ. Компаниядан билдиришкендей, ошондой эле чоң экрандуу Mi Notebook Air «Dota 2 сыяктуу» компьютердик оюндарды ойноого мүмкүндүк берчү GeForce 940MX видеокартага ээ болот.

Экраны кичирээк болгон Mi Notebook Air ноутбугу интеграцияланган видеокарталуу Intel Core M3 процессорунун базасында иштейт. Ушундай эле процессор Apple компаниясынын 12-дюймдук MacBook ноутбугунда да орнотулган. Кыйла компакттуу болгон Xiaomi ноутбугу запаста азыраак эс тутумга ээ: оперативдик эс тутуму 4 гигабайт жана негизги эс тутуму (SSD) 128 гигабайт.

Эки үлгүсүнүн тең экраны бирдей — 1920x1080 пиксель. Ошондой эле болжолдуу түрдө туташтыргычтардын бирдей топтомуна ээ: кубаттагыч үчүн USB Type-C, бир HDMI жана USB 3.0. Айырмасы 13.3 дюймдук ноутбуктун эки USB 3.0 туташтыргычына, а 12.5 дюймдугу бир гана туташтыргычка ээ экендигинде.

Солдо – 12.5 дюймдук, оңдо – 13.3 дюймдук версиясы (Сүрөттүн булагы: Engadget)
Солдо – 12.5 дюймдук, оңдо – 13.3 дюймдук версиясы (Сүрөттүн булагы: Engadget)

Эки үлгүсү тең Windows 10до иштейт жана сырткы көрүнүшү боюнча MacBook менен акыркы Dell XPSтердин дизайндарынын аралашмасын эске салат. Компания билдиргендей, экраны чоңураак үлгүсү бир кубаттаган соң 9 жарым саат, а кичинекейрээги 11 жарым саат иштейт. Юандан долларга которгондо болжол менен алардын биринчисинин баасы 750 жана экинчисиники 525 АКШ долларын түзөт. Кытайда ноутбуктарды сатып баштоо кийинки жумага белгиленди.