Жогорку сот экс-президент Курманбек Бакиевге карата мурда чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн 30 жылдык жаза мөөнөтүнө өзгөрттү. Бакиев кызмат абалын кыянат пайдаланууга жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги революция маалында демонстранттарды атууга айыпталууда.

Жогорку сот экс-президент Курманбек Бакиевге карата чыгарылган мурдагы өкүмдү 29-июлда өзгөрттү.

Жогорку баскыч өз чечиминде Кылмыш кодексинин 50-беренесине шилтеме жасады. Ал беренеге ылайык, алтымыш жашка чыккан адамдар өмүр бою эркинен ажыратылышпайт.

Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева Kloop.kgге Бишкектин аскердик соту тарабынан чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу чечими «мыйзамсыз» болгонун билдирди.

«(Кылмыш жасалган маалда) Бакиев 60 жашта болчу, ошондуктан өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү мыйзамсыз болгон. Жогорку соттун коллегиясы алгачкы баскычтагы соттун катасын оңдоду», — деди ал.

Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевге карата мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү 2014-жылдын июнунда чыгарылган. Бишкек аскердик соту аны 2010-жылдын 7-апрелиндеги революция маалында 87 демонстрантты атууга күнөөлүү деп тапкан.

Аны менен бирге ал кезде Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы болуп турган бир тууганы Жаныш Бакиев менен мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов да соттолгон.

Жалпысынан 7-апрель окуялары боюнча иште 28 адам айыпталуучу катары өтүүдө, алардын арасында президенттин мурдагы кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев, мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов, президенттин администрациясынын мурдагы башчысы Каныбек Жороев жана УКМКнын «Альфа» башкармалыгынын начальниги Алмазбек Жолдошалиев бар.

Алардын бардыгы тең «кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренеси боюнча айыпталышып, он жылга эрктеринен ажыратылышкан. Бирок 2016-жылдын июнунда сот аларга мунапыс жарыялап, алар эркиндикке чыгышы керек болчу. Алардын эркиндикке чыгарылышы жабырлануучулардын туугандарынын Жогорку сотко кайрылуусуна байланыштуу создуктурулууда. 29-июлда Жогорку сот буга чейин жарыяланган мунапысты жокко чыгарды.

Учурда Курманбек Бакиев Беларуста жашап жатат, ал өлкөнүн жетекчилиги мурдагы президентти кыргыз бийлигине өткөрүп берүүдөн баш тартып келет. Ошондой эле Кыргызстандын сыртында анын бир тууганы Жаныш жана балдары Максим менен Марат Бакиевдер жүрүшөт.

2015-жылдын ноябрында Бакиев Кыргызстан менен соттошууга мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатканын билдирген. Анын пикиринде, ага жана үй-бүлөсүнө каршы козголгон кылмыш иштери «жасалма» болгон.