Оштун улгайган жашоочулары шахмат боюнча күч сынашуу үчүн күн сайын Навои сейил багына чогулушат. Бул Кыргызстандын түштүк борборунда улгайгандар үчүн бош убактыларын өткөрүүнүн дээрлик жалгыз жолу.

Баяндоо материалдын автору Дастан Үмөттегиндин атынан жүрөт.

Навои сейил багындагы анча чоң эмес атайын жайда эртеден кечке чейин Оштун 20дан ашык улгайган тургуну шахмат ойношот — эгер комбинациялары ордунан чыга турган болсо алар фигураларды тарс-тарс жылдырышып, «шах» жана «мат» сөздөрүн көтөрүңкү үн менен айтышат. Алар оюнга ушунчалык берилгендиктен, ойноп жаткан аксакалдарды сүрөткө тартып алуу үчүн токтогон туристтерге да көңүл бурушпайт.

Шахматчылар сейил бакта согуштан кийинки жылдары эле ойной баштагандыктарын айтышууда. 50-60-жылдары кыймыл жаңы гана башталган — анда атайын отургучтар сыяктуу дайыма ойной турган жер жок болгон.

Шахмат кыймылынын жаралуу мезгилинде жаңы оюнчулар үчүн эч кандай шарттар болгон эмес, ар ким өз шахматын алып келип ойногон. Азыр болсо оюн үчүн акы төлөнүп калган — шахматты бир саатка ижарага алуунун баасы 50 сом. Бирок бул шарттар оюнчулардын санына таасирин тийгизген жок — улгайган шахматчылар интеллектуалдык салгылаштарга көңүл коюп көз салган көптөгөн көрүүчүлөрдү чогултушат.

Сейил бактын шахматчылардан алыс эмес жеринде нарды да ойношот, бирок андагы оюнчулар кыйла жаш, 20дан 50 жашка чейинкилер жана алар шахматчылардай көп көрүүчүлөрдү чогулта алышпайт.

Андагы эң аройлуу шахматчы — 86 жаштагы Сагын аке. Ал Оштогу шахмат кыймылынын жаралуусунун көч башында турган жана учурда жаңы оюнчуларды шахматтын эрежелерине үйрөтүүдө.

«Оюнчулардын арасында прокурорлор, соттор жана саясатчылар бар. Пенсионерлердин бардыгы тең бул жерге ойногону келишет. Каякка барабыз, эмне кылабыз? Же арак ичсең да болбосо, башка жакка барайын десең андай жер жок», — дейт аксакал.

Сагын аке ондогон жылдар мурда шахматты көбүнчө этникалык өзбектер ойногонун эскерет. Азыр болсо мында өзбектер да, кыргыздар да, ошондой эле Оштун башка этносторунун өкүлдөрү да шахматка берилип, күн сайын ойноп турушат.

Оюнду кызыктуураак жана кумардын элементтерин кошуу үчүн шахматчылар акчага ойношот. Коюмдар 50 сомдон башталат, а жогорку чеги мен үчүн белгисиз бойдон калды — аксакалдар бул тема жөнүндө сүйлөшүүдөн баш тартышты, бирок мен оюндардын биринин соңунда утулган шахматчынын жеңүүчүгө 500 сом берип жатканын көрдүм.

Мени менен болгон маектеринде шахматчылар Оштун мэриясынан оюн үчүн аларга имарат бөлүп берүүнү өтүнүштү, анткени сууктан улам кышында сейил бакта ойноого мүмкүн эмес, а улгайгандар үчүн башка эрмек кылчу жай дээрлик жокко эсе.

«Шахмат оюну маданияттын өнүгүшүнө, спорттун өнүгүшүнө, элдердин эс алышына, Оштун гүлдөп-өсүүсүнө абдан жакшы, мааниси чоң. Эгер кышында ойноо үчүн шарттар болгондо жаштар эс алышмак», — дейт шахматчы Садыраалы Эргешов.