Бишкектин көчөлөрүндөгү зебралар эмнеге бат өчөт?

Бул борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун кызыгуусун жараткан суроолордун бири. Kloop.kgнин кабарчылары бул суроонун жообун табууга аракет кылып көрдү.

Өзү Бишкекте канча жол, же көчө бар?

Бишкек шаарындагы жолдор саны боюнча эмес, узундугу, же аралыгы боюнча айтылат. Жалпы жолдун узундугу 1374 километр. Анын ичинен 723 километри асфальт менен төшөлгөн болсо, шагыл жолдордун узундугу 651 километрди түзөт. Андан сырткары магистралдык жана жергиликтүү маанидеги жолдор деп да бөлүнөт: магистралдык жол — 233 километр, жергиликтүү маанидеги асфальт төшөлгөн жолдор — 489 километр. Ал эми шагыл жолдордун баары жергиликтүү маанидеги жолдорго кирет.

Bishkek_crosswalk 1

А зебралардын саны канча?

Зебралардын так саны боюнча Бишкек мэриясында да, зебраларды 2016-жылдан бери жасоону колго алган «Бишкек асфальт сервис» ишканасында да маалымат жок.

Зебраларды ким жасайт?

«Бишкек асфальт сервис» ишканасы 2016-жылдан баштап борбор калаанын бардык жолдоруна зебраларды боёо-жасоо иштерин колго алган.

Bishkek_crosswalk 2

Бир зебранын баасы канча?

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, зебралар 1 чарчы метр (1 м2) өлчөм менен эсептелет. Шаар көчөлөрүнө зебралардын эки түрү коюлат — жол үчүн атайын боёк жана термопластик. Түрүнө карата баасы да өзгөрөт. Боёк менен зебра жасалса 1 м2 200-300 сом кетет, термопластик менен болсо ошол эле аянттын баасы 1300-1400 сомдон айланат.

Бирок «Бишкек асфальт сервис» ишканасынан айтышкандай, жолдордогу зебралар үчүн атайын боёк пайдаланылат, ал эми термопластик зебрадан тышкары башка жол белгилери үчүн алынат. Быйыл борбор калаанын жолдоруна зебралардын жасалышы үчүн шаардык бюджеттен 20 миллион сом термопластикке бөлүнсө, жол боёгу үчүн 10 миллион сом бөлүнгөн.

Bishkek_crosswalk 3

Бишкектин көчөлөрүндөгү зебралар эмнеге бат өчөт?

Зебралардын кепилдик мөөнөтү боёк менен жасалгандарга 6 айга чейин берилсе, термопластик зебраларга бир жылга чейин. «Бишкек асфальт сервис» ишканасы жолдорго боёк колдонулгандыктан жана унаалардын санынын көптүгүнөн зебралардын бат өчөөрүн айтат. Борбор калаа 40 миң унаага ылайыкталганы, бирок анда жарым миллиондой унаа бар экени айтылат.

Материал «Бишкек асфальт сервис» ишканасынын жетекчинин орун басары Жумакадыр Алымбаевдин жана Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгындагы шаардагы жолдордун долбоордук-техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Айдар Апсеметовдун курган маегинин негизинде даярдалды.

Авторлор: Нурислам Жанибеков, Өмүрбек Нурматов