Кыргызстанга келүү үчүн сазда сүрөткө түшкөн орусиялык мектеп окуучусу Игорь Назаров Ысык-Көлгө эс алып кетүүгө чакырылды. Мындай сунушту Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов киргизген.

Туризм департаменти Челябинск облусунда жашаган мектеп окуучусу Игорь Назаровду сентябрда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтчү Ысык-Көлдүн түндүк жээгине чакырды.

Назаров сазда түшкөн сүрөтү үчүн «ВКонтакте» социалдык түйүнүндөгү пабликтердин бириндеги сынакта экинчи орун алган. Сынактын баш байгеси Кыргызстанга барып келүү жолдомосу же 15 миң рубль болгон.

«Биз Игорь Назаровду агасы менен бирге Кыргызстанга чакыруу чечимин кабыл алдык. Аларды бул жакка «Эйр Кыргызстан» компаниясы алып келип, кайра Орусияга жеткирип коет, ал эми тамагы менен жашоосуна кетчү чыгымдарды биз өнөктөштөрүбүз менен бирге камсыз кылып беребиз. Аны сентябрда өтчү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырсакпы деп атабыз»,— деп билдирген Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов «Sputnik» агенттигине.

Игорь Назаровдун өзү Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде чет өлкөдө болуп кайтуу ал үчүн кызыктуу болорун, ошондуктан Ысык-Көлгө кубануу менен келе турганын айтты.

«Мен барганда жаңы маданият, жаңы адамдар менен таанышам деген ойдомун. Негизи эле чет өлкөдө болуунун өзү кызыктуу эмеспи»,— деди ал.

Назаровдун жарым жартылай сазга чөккөн кеңсе үстөлүнүн алдында отурган сүрөтү интернеттеги сүрөт сынагына катышкандан кийин популярдуу болуп калган. Сынактын катышуучулары өзгөчө жерлерде жана өзгөчө образдарда сүрөттөргө түшүүлөрү керек болгон. Сынак «ВКонтакте» социалдык түйүнүндөгү паблик тарабынан «Как я встретил столбняк» деген аталышта өткөрүлгөн.

Nazarov_boloto

Эң мыкты сүрөт үчүн уюштуруучулар Кыргызстанга барып келүү жолдомосун же 15 миң рубль өлчөмүндөгү акчалай байге сунушташкан. Ал эми экинчи орун алгандарга киного билет, үчүнчү орудагыларга тез даярдалчу кесме убадалашкан.

Сынактын жеңүүчүсү деп «ВКонтактенин» Серега Малой аттуу колдонуучусу табылган. Ал Kloop.kgге курган маегинде каражат жагынан көйгөйлөр болуп жаткандыктан, Ысык-Көлгө баруу жолдомосунан баш тартып, акчалай байгени алууну чечкенин айтты.

Мектеп окуучусу Игорь Назаровдун сүрөтү сынакта экинчи орун алган. Анткен менен өзүнүн өзгөчөлүгүнүн аркасы менен Назаров «Окуучу сазда» деген мемдер менен сүрөттөр сериясынын баш каарманы болуп калды.

Назаровдун өзү Kloop.kgнин кабарчысына сазда сүрөткө түшүү идеясы анда 2015-жылы эле пайда болгонун айтты.

«Болжол менен бир жыл мурда байкем экөөбүз ушуга окшогон образда, бирок көлдө сүрөткө түшүүнү чечкенбиз», — деди ал.