Орусиялык рок-музыкант Гарик Сукачев актёр Иван Охлобыстин менен биргеликте Чүй облусунун Манас айылындагы православ чиркөөсүн оңдоо үчүн 500 миң рублге жакын акча чогултту. Каражат топтоо үчүн алар краудфандинг сайтын пайдаланышкан.

Орусиялык рок-музыкант Гарик Сукачёв 2015-жылдын ноябрында Кыргызстанга жеке концерти менен келип кеткенден кийин Чүй облусундагы Иоан Кронштадский чиркөөсүнө жардам берүүнү чечкен. Каражат топтоо өнөктүгүн ал Planeta.ru краудфандинг платформасында 30-мартта баштаган.

90 күндүн ичинде ал чиркөөнү оңдоого 500 миң рублге жакын сумманы чогулткан. Ошондой эле ага «Интерны» телесериалына катышкандыгы менен белгилүү актёр Иван Охлобыстин да жардам берген.

Сукачёвдун айтымында, анын музыкалык тобу чиркөөгө концерттен кийин аба майданга бара жаткан маалда көңүл бурушкан.

«Биз концертибиз бүткөндөн кийин аба майданга бара жатып жолдон Манас айылында курулуп жаткан чиркөөнү көрдүк. Анда «Жардам керек. Колуңардан келишинче жардам бергиле», деп жазылып турган. Биз чиркөөгө кирип, андагы чиркөө кызматкери менен таанышканбыз», — деген Сукачёв өзүнүн видео-кайрылуусунда.

Чиркөө кызматкери музыкантка иконостас менен чиркөө буюмдарына буйрутма берип, чиркөөнүн өзү менен мунарасы тарапта оңдоо иштерин жасоо керектигин айткан.

Иван Охлобыстин Kloop.kgге курган маегинде алгач миллион рублден көп акча чогултуу пландалганын айтты.

«Дүйнөдө дагы деле кайрымдуу адамдардын бар экендигине биз абдан кубанычтабыз. Керектүү сумманы чогулта албай калганыбыз гана капалантып жатат. Акча эки-үч күндүн ичинде которулат. Биз жардам берүүгө дайыма кубанычта болобуз», — деди актер Kloop.kgнин кабарчысына.

Автор: Зияра Асылбекова