Түндүк Корея эки баллистикалык ракета учурду, алардын бири асманда жарылса, экинчиси Жапониянын деңиз жээктеринен 250 чакырым алыстыкка түштү. Жапон өкмөтү Түндүк Кореянын ал аракетине кыжырданып, аны «кечирилгис аракет» деп атады.

Би-Би-Си Түндүк Корея тарабынан 3-августта учурулган баллистикалык ракеталардын бири Жапон деңизине түшкөнүн билдирди. Басылманын маалыматы боюнча, ракета Жапониянын Акита префектурасынан 250 чакырым алыс жерге түшкөн. Euronews телеканалынын маалыматы боюнча, экинчи ракета асманда жарылган.

Бул Жапониянын Улуттук коопсуздук кеңешинин шашылыш жыйын куруусуна себеп болду.

Өлкөнүн премьер-министри Синдзо Абэ Түндүк Кореянын аракети БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуп жаткандыктан, аны «кыжырды келтирген аракет» деп атады.

Жапон өкмөт башчысы Түштүк Корея жана АКШ менен кызматташууга барып, ага (Түндүк Кореянын аракеттерине) каршы аракеттерди көрө турганын кошумчалады.

«Бул биздин коопсуздугубузга олуттуу коркунуч, анткени Түндүк Корея тарабынан учурулган ракета Жапониянын экономикалык аймагына түштү. Биз БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузган кечирилгис аракеттерге нааразычылыгыбызды билдиребиз», — деди премьер-министр.

Түндүк Кореянын бул аракеттерин АКШнын бийлиги да айыптады — өлкөнүн сырткы саясат менен алектенген мекемесинин расмий өкүлү Жулия Мейсон ракетанын учурулушу Түндүк Кореянын «чагымдарына» каршы биригүү зарылдыгын көрсөтүп жатканын айтты.

«Биз Түндүк Кореянын чагымчыл аракеттерине жооп берүү жана өзүбүздү, союздаштарыбызды кол салуулар менен чагымдардан коргоо үчүн мурдагыдай эле дүйнө жүзүндөгү бардык союздаштарыбыз менен кызматташууга даярбыз»,— деди ал.

Түндүк Корея 2016-жылдын июлунда да Жапон деңизи тарапка үч ракета учурууну ишке ашырган. Анда жапон бийлигинин нааразычылыктарына жооп катары Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын ал учуруулар «машыгуулардын алкагында» жасалганын билдирген.

Ошондой эле Түндүк Кореянын бийлиги 2016-жылдын январында суутек бомбасын сынаган, ал анда АКШнын, Кытайдын, Орусиянын, Түндүк Кореянын жана БУУнун айыптоолорун жараткан.

Сүрөт: AFP