Оштун жашоочусу 2-августка караган түнү «Олигарх» ресторанынын жанында ок атуу болгонун билдирген. Ош милициясы маалыматты четке кагып, ал майрамдык фейерверктер болгонун билдирди.

Ошто ок атылды делген билдирүү 2-августта «АКИпресс» маалымат агенттигинин сайтында пайда болгон — Ошто жашаган интернет колдонуучу тапанчадан аткандагы үндөргө окшогон катуу добуштарга даттанган.

«2-августта саат 00:30да Ош шаарындагы «Олигарх» ресторанында салюттан кийин тапанчадан атышты. Тиешелүү органдардын чараларды көрүүсүн өтүнөм, анткени айрым үйлөнүү тойлору ок атуулар менен коштолот», — деп жазган колдонуучу «Элдик кабарчы» рубрикасына.

Ал ошондой эле видео жарыялап, анда катары менен төрт жолу катуу добуштун үнү угулган. «Уктап жата бербей арыз жазгыла да эй. Эртең чогулушка чыккыла баарыңар», — деген андагы кадр сыртындагы үн.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков Kloop.kgге милиция интернет колдонуучунун билдирүүлөрүн текшергенин жана эч кандай ок атуунун болбогонун аныктаганын билдирди — ИИБ өкүлүнүн айтымында, ал фейерверктердин үнү болгон.

«Олигарх» ресторанынын көзөмөл камерасына тартылган видеону текшерип, анализдеп чыккандан кийин үй-бүлөлүк салтанаттын соңунда 14 жолу салют атылып, жаңылыш түрдө ал куралдын үнү катары кабылданганы аныкталды. Көзмөл камерасынын видеосунда куралчан бир да адам байкалган эмес, аны ресторандын администрациясы да ырастады», — деди Сыдыков.

Анын айтымында, милиция далил катары көзөмөл камерасына тартылган видеону жарыялоону каалаган, бирок «ал жеке иш-чара болгондуктан» андайга барган эмес.

«Ал жөнүндө билдирген адамдын видеосунун каякта тартылгандыгын аныктоо мүмкүн эмес: Ошто, Нарында, Токмокто, Таласта; караңгыда балкондон тартылган, бир нече катуу үн угулган. Бирок ошентсе да биз текшерип, жергиликтүү жашоочулар арасында сурамжылоо жүргүзүп, ресторандын администрациясы менен сүйлөштүк, видеону көрүп, аны көзөмөл камерасына тартылган видео менен салыштырдык, алардын жыйынтыктары менен ок атуу фактылары четке кагылды», — деди Ош ИИБсинин өкүлү.

«Олигарх» рестораны Оштун батыш бөлүгүндөгү «Анар» кичи районунда жайгашкан.

Автор: Анастасия Шевцова
Соавтор: Нуртаза Абдиев