Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы айдоочулар заводдон караңгылатылган унаа айнектерин алмаштырбай эле койсо болорун билдирди. Бул жол активисти Айбек Баратов унаадагы караңгылатылган айнектерге тыюу салуу жөнүндөгү өкмөттүн токтому боюнча даттана турганын билдиргенден кийин болууда.

Кайгуул милиция башкармалыгынын начальнигинин орун басары Иманалы Саркулов Kloop.kgнин кабарчысына автоунаалардын заводдон чыгарылып жатканда орнотулган караңгылатылган айнектерин алмаштырууну талап кылган өкмөттүн токтому «жокко чыгарылганын» билдирди.

Унаанын алдыңкы капталдагы айнектерин караңгылатууга тыюу салуу жөнүндөгү өкмөттүн токтому 18-июлда күчүнө кирген. Ал документке ылайык, айдоочулардын алдыңкы капталдагы айнектерин караңгылатууга же аларда парда пайдаланууга тыюу салынат, а эгер айнектери заводдо чыгарылып жатканда караңгылатылган болсо, анда аларды алмаштыруу керек болгон.

«Биз автоунаа айдоочуларынын заводдо чыгарылганда караңгылатылган айнектери менен жүрүүсүнө уруксат беребиз. Эгер жарык өткөрүү мүмкүндүгү 80 пайыздан кем эмес болсо, анда автоунаа айнектерин караңгылатууга болот», — деди ал.

Саркулов азырынча кайгуул милициясында айнектердин жарык өткөрүү мүмкүндүктөрүн текшере турган жабдуулар жок экенин, бирок кызмат аларды жакынкы убактарда алууну пландап жатканын кошумчалады.

Бийлик тарабынан мындай чечим жол активисти Айбек Баратов караңгылатылган айнектерге тыюу салуу жөнүндөгү өкмөттүн токтому боюнча даттана турганын билдиргенден кийин кабыл алынууда. Активист Kloop.kgге курган маегинде кайгуул милициясы конституцияны бузуп жатканын айтты.

«Унаа деген бул башка эч кимдин кийлигишүүгө укугу жок болгон жеке менчик да. Биз заводдо караңгылатылып орнотулган айнектерди алмаштырууга милдеттүү эмеспиз. Мени көп кишилер, анын ичинде депутаттар да колдоп жатышат», — деди Баратов.

Ал ошондой эле «Фэйсбуктагы» баракчасына бардык жарандарды биригүүгө жана өз нааразычылыгын билдирүүгө чакырган видеокайрылуу жайгаштырган.

Активистти Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да колдоду. Ал Kloop.kgге курган маегинде милиция айнекти алмаштыруу талабын кое албай турганын айтты.

«Чынында бул жеке менчикке кол салуу болуп эсептелет. Мыйзам чегинде гана аракеттерге баруу керек. Заводдо караңгылатылган айнектер ансыз деле бардык эл аралык стандарттарга туура келет. Эгер кимдир бирөө бул ченем боюнча сотко кайрыла турган болсо, ал жеңип чыгат», — деди ал.

Автор: Зияра Асылбекова