3-августта президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарга ачык режимде каралган иштердин бардык соттук материалдары менен архивдерине жетүү мүмкүндүгүн берген мыйзам долбооруна кол койду. Эксперттер соттордун ачыктыгын колдоп жатышат, бирок бийлик идеяны толук ишке ашыра албай калышы мүмкүн деген кооптонууларын билдиришүүдө.

Кыргызстандын сотторун бардык соттук актыларды, материалдарды жана архивдерди интернетке жарыялоого милдеттендерген мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан мурдагы депутаты, учурдагы Евразиялык экономикалык сотунун судьясы Галина Скрипкина болгон.

Демилгечинин пикиринде, бул чечим сот системасын «ачык-айкын» кылууга жардам берет.

Документке ылайык, шектүүлөрдүн күнөөлөрү далилденгенге чейин алар тууралуу маалыматтар жашырылган же өзгөртүлгөн болот. Ал эми процесске катышкан судьялар, прокурорлор жана жактоочулар жөнүндөгү маалыматтар ачык болот.

Медиа Полис институтунун юристи Алтынай Исаева мыйзам долбоорун «кайраттуу» деп атады. Ал Kloop.kgге курган маегинде мыйзам сот органдарынын ишинин сапатына жакшы таасир этерин жана жарандардын сот системасына болгон ишенимин жарата тургандыгын айтты.

«Азыр биз сот реформасынын канчадан бери жүрүп жатканына карабастан сот органдарына болгон ишенимдин жетишээрлик жогорку деңгээлде эмес экенин түшүнүп жатабыз […] Сот органдарынын аракеттери боюнча күмөн саноолор, суроолор жаралбашы үчүн сот актыларын жарыялоо сыяктуу ачык ишмердүүлүктүн киргизилиши соттордун ишине кыйла жакшы таасир этиши мүмкүн», — деди ал.

Бирок юрист соттордун чечимдери Жогорку соттун сайтына жарыяланып, электрондук база бар болгону менен ал толукталбай жана сейрек жаңылана турганын кошумчалады.

«Андай база бар, бирок тилекке каршы ал бизде толукталбайт. А АКШ же Орусия сыяктуу башка өнүккөн өлкөлөрдө бирдиктүү (электрондук) база бар», — деди ал.

«Эркиндик үнү» укук коргоо порталынын башкы редактору Абдумомун Мамараимов мыйзамдын ишке ашаарынан күмөн саноодо.

«Ал канчалык деңгээлде ишке ашат? Мыйзамды аткаруу үчүн соттордун канчалык ресурсу, билими бар? Соттордун протоколдорду, кабарламаларды түзүүдө чоң көйгөйлөрү бар. Сот өкүмүн окуп жатканда бир бетте бир дагы чекит, үтүр белгиси жок болуп, анда эмне жазылгандыгы түшүнүксүз болгон учурлар кездешет. Ал документтерди сабаттуу түзүүгө үйрөнүү керек. Дагы ал чечимдерди интернет-ресурстарга жайгаштыруу зарыл, ошондуктан интернети бар жакшы компьютер керек», — деди Мамараимов.

Бирок ошентсе да Мамараимов мыйзам долбоорунун идеясынын өзүн жакшы жана соттордун жоопкерчилигин жогорулатууга жардам берет деп эсептейт.

«Бул соттордун жоопкерчилигин жогорулатууга жардам берет. Алар өкүмдү жарыялай тургандан кийин чечимдерди кыйла жоопкерчилик менен кабыл алып, чечимдерге байланышкан документтерди туура түзүп калышат», — деп жыйынтыктады ал.