Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарынын ачылышына бир күн калды. Спортчулар акыркы машыгууларын өткөрүп жаткан чакта Kloop.kgнин редакциясы силерди океандын ары жагында Кыргызстандын намысын коргой турган спортчулар менен тааныштырууну чечти.

Олимпиадалык оюндарга катышуу — бардык эле спортчулардын кыялы болсо керек. Бирок Риодон алардын мыктыларынын мыктылары гана медаль менен кайтышат. Олимпиадага катышуу жолдомосуна өлкөнүн намысын коргой турган 19 кыргызстандык спортчу ээ болгон.  

Арсен Эралиев — грек-рим күрөшү, 59 кг

eraliev-arsen-200x130

Арсен — эл аралык даражадагы спорт чебери. Ал Кыргызстандын жаштар курамасынын катарында эки жолу (2006-2007-жж) Азия чемпиондугун жеңип алган. Ошондой эле ал 2008-жылдагы дүйнө биринчилигинде күмүш медалга ээ болгон. 2011-жылы Арсен грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болгон, а 2012-жылы Лондондогу Олимпиада оюндарына катышып, жалпы жыйынтык боюнча 11-орун алган. Андан кийин спортчу эки жолу (2013, 2015) Азия биринчилигинде коло медалдын ээси болгон.  

Мурат Рамонов — грек-рим күрөшү, 130 кг

ramonov-murat-200x130

Мурат Рамонов эл аралык даражадагы спорт чебери. Ал үч жолу жаштар арасындагы Азия биринчилигинде байгелүү орундарга ээ болгон. Андан соң спортчу эки жолу коло медалды утуп, быйыл Бангкокто өткөн чемпионатта күмүш медалга ээ болгон. Ал эми Риого жолдомону Мурат Астанада өткөн олимпиаданын квалификациялык мелдешинде күмүш медалга жетүү менен утуп алган.

Руслан Царев — грек-рим күрөшү, 66 кг

tsarev-ruslan-200x130

19 жаш курагында алтын медаль утуп алуу менен Руслан Кыргызстандагы эң жаш Азия чемпиону болуп калган. Ал эл аралык даражадагы спорттун чебери, Азиянын 2014-жылдагы чемпиону, ошол эле престиждүү мелдеште эки жолу байгелүү орундарды ээлеген (2015-жылы күмүш, 2016-жылы коло). Руслан Риого жолдомону Стамбулдагы лицензиялык мелдеште күмүш медалга жетүү менен утуп алган.

Жанарбек Кенжеев — грек-рим күрөшү, 85 кг

Kenzheev-ZHanarbek-200x130

Жанарбек Кенжеев — Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери. Ал Азия оюндарында үч жолу (2006, 2010, 2014) коло медалга ээ болуп, эки жолу (2014, 2016) Азиянын чемпиондугун утуп алган.

 

Магомед Мусаев — эркин күрөш, 98 кг

Musaev-Magomed-200x130

Магомед — эл аралык даражадагы спорттун чебери. 2012-жылы эркин күрөш боюнча Азиянын чемпиону болгон. Үч жолу (2014, 2015, 2016) Азия биринчилигинде жана Азия оюндарында (2014) күмүш байгеге жеткен. Риого жолдомону Астанадагы мелдеште жеңишке жетип утуп алган.

Айаал Лазарев — эркин күрөш, 125 кг

Lazarev-Ajaal-200x130

Эл аралык даражадагы спорттун чебери. Айаал — Азиянын 2015-жылдагы чемпиону жана ошол эле мелдеште үч жолу коло медаль утуп алган (2010, 2013, 2016). Риого жолдомону ал Улан-Батордогу лицензиялык мелдештеги жеңиши менен утуп алган.

Айсулуу Тыныбекова — кыз-келиндер күрөшү, 58 кг

Tynybekova-Ajsuluu-200x130

Айсулуу — эл аралык даражадагы спорттун чебери. Азия чемпиондугунда эки жолу (2014, 2015) күмүш медалга жетишкен. А 2016-жылы Азиянын чемпиону болду. Тыныбеков Рио жолдомосуна Астанада өткөн лицензиялык мелдештеги жеңишинин аркасы менен жеткен.

Юрий Краковецкий — дзюдо, +100 кг

YUrij-Krakovetskij-1-200x130

Юрий эл аралык даражадагы спорттун чебери, эки жолу (2015-жылы — күмүш, 2016-жылы — коло) Азиянын мыкты үч балбанынын катарына кирген.

 

Отар Бестаев — дзюдо, 60 кг

Bestaev-Otar-200x130

Отар — эл аралык даражадагы спорттун чебери, 2015-жылы Азия биринчилигинде коло медаль утуп алган. Ошондой эле ал быйыл июнда Будапештте өткөн дзюдо боюнча венгер гран-присинде күмүш медалга ээ болгон.

Иззат Артыков — оор атлетика, 68 кг

Эл аралык даражадагы спорттун чебери. Иззат — Азиянын 2016-жылкы чемпиону. Андан бир жыл мурда спортчу Таиланддагы чемпионатта коло медалга жетишкен.

Жаңыл Окоева — оор атлетика, 48 кг

Okoeva-ZHanyl-200x130

Жаңыл Окоева эл аралык даражадагы спорттун чебери. Ал көп жолу республиканын чемпиону болгон. 2011-жылы спортчу Азия кубогунда күмүш медаль утуп, 2014-жылы Корея Республикасынын Инчхон шаарында өткөн Азия оюндарында алдыңкы ондуктун катарын кирген.

Эркин Адылбек уулу — бокс, 81 кг

erkin-adylbek-uulu-200x130

Кыргыз Республикасынын спорт чебери, өлкөнүн көп жолку чемпиону. Ал Кытайда өткөн квалификациялык мелдеште коло медалга ээ болуп, Риого жолдомо утуп алган.

Эркин — 2016-жылкы Олимпиада оюндарын лицензия ала алган кыргызстандык жалгыз мушкер.

Юлия Андреева — жеңил атлетика, марафон

Andreeva-YUliya-200x130

Юлия — эл аралык даражадагы спорттун чебери, Кыргызстандын жана Казакстандын чемпиону. 2013-жылкы Азия чемпионатында коло медалга ээ болгон. Рио жеңил атлетчинин карьерасындагы үчүнчү Олимп оюндары болот.

 

Мария Коробицкая — жеңил атлетика, марафон

Korobitskaya-Mariya-200x130

Эл аралык даражадагы спорттун чебери. Мария — Кыргызстандын чемпиону жана 5000, ошондой эле 10 000 метр аралыктар боюнча эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды алган. Азиянын 2013-жылкы чемпионатында мыкты бештиктин катарына кире алган.

Дарья Маслова — жеңил атлетика, 10 000 м

Maslova-Darya-200x130

Дарья Маслова — эл аралык даражадагы спорттун чебери, 1500, 5000 жана 10 000 метрлик аралыктар боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону. Азия чемпионаты менен Бүткүл дүйнөлүк универсиаданын (2015) коло байгесинин ээси.

 

Илья Тяпкин — жеңил атлетика, марафон

Tyapkin-Ilya-200x130

Илья — Кыргыз Республикасынын спорт чебери. Өлкөнүн көп жолку чемпиону, эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды алган. 2015-жылы спортчу Азия биринчилигинде мыкты бештиктин катарына кирген.

Виктория Полюдина — жеңил атлетика, марафон

Polyudina-Viktoriya-200x130

Эл аралык даражадагы спорттун чебери. 2010-жылы өткөн Азия чемпионатынын (жабык имаратта) жеңүүчүсү, ошондой эле 2014-жылдагысында коло медалга жеткен.

Дарья Таланова — сууда сүзүү, 100 м брасс

Talanova-Darya-200x130

Дарья Таланова эл аралык даражадагы спорттун чебери. 2015-жылдагы Азия чемпионатында күмүш байгени багындырган.

 

 

Денис Петрашов — сууда сүзүү, 200 м брасс

Petrashov-Denis-200x130

Эл аралык даражадагы спорттун чебери, 2015-жылы өткөн Азия чемпионатында мыкты бештиктин катарына кирген. Денис — Кыргызстандын олимпиадалык курамасынын эң жаш өкүлү. Ал 16 жашты.

Автор: Каминат Имирханова