4-августта президент Алмазбек Атамбаев экстремизм менен терроризмге айыпталып соттолгондорду жана Кыргызстандын сыртындагы согуштук аракеттерге катышкандарды жарандыгынан ажыратууну сунуштаган мыйзамга кол койду.

«Жарандык жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекет өлкөнүн сыртындагы согуштук аракеттерге катышкандыгы үчүн кыргызстандыктарды жарандыгынан ажырата алат.

Ошондой эле кыргызстандыктарды эгер алар террористтик же экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого даярданган болсо да жарандыгынан ажыратууга мүмкүн болот.

Бул терроризмге каршы күрөшүү үчүн беш фракциянын депутаттарынан турган демилгечи топтун бир катар мыйзамдарга киргизген өзгөртүүлөрүнүн бири. Депутаттардын айтымдарында, Кыргызстандын согуштук аракеттерге катышкан жарандары чет өлкөлүктөрдүн кыргыз паспортторун алуусуна жардам берип жатышат.

«Чет өлкөлүк жарандар кайсыл жактан келгендигине карабастан өлкөнүн аймагындагы жөнгө салынган кылмыштуу байланыштары аркылуу туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүктөрдүн жана жашаган жери жөнүндөгү жасалма маалымкаттардын негизинде тоскоолдуксуз паспортторду алуу мүмкүндүктөрүнө ээ болуусун улантып жатышат», — деп жазылган мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкатта.

Кыргызстандын конституциясында жарандыктан ажыратуу каралбагандыгы менен терроризм үчүн жарандыктан ажыратуу мыйзамын киргизүү жөндүү, деп эсептейт «Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи Эдиль Эралиев. Анын айтымында, конституцияга ылайык, адамдын укуктары менен эркиндиги улуттук коопсуздук максатында чектелиши мүмкүн.

Юрист ошондой эле жарандыгынан ажыратылган адам добуш берүү укугунан башка Кыргызстандын жарандарыныкындай укуктар менен эркиндикке ээ боло турганын кошумчалады.

«Мыйзам Конституцияга каршы келбейт, анткени ал «Жарандык жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жатат. Эгер сот адамдын терроризмге же экстремизмге тиешеси бар экенин далилдесе ал жарандыктан ажыратпайт, а жарандыкты жоготуу пункттарынын бири болуп эсептелет […] Мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жөндүү деп эсептейм, анткени бүгүнкү күндө терроризм менен экстремизм адамзаты үчүн эң олуттуу коркунуч болуп эсептелет», — деди ал.

«Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын башчысы Төлөйкан Исмаилов тескерисинче, мыйзамга каршы. Ал Kloop.kgге курган маегинде мамлекет соттолгондорду жарандыгынан ажыратпастан алардын кадимки жашоого кайтып келүүсүнө жөлөк болушу керектигин айтты.

«Соттолгон адам жазасын өтөп бүттү да. Биринчи кезекте парламентарийлер, судьялар, жетекчилер алардын адам экенин көрүшү керек. Алар соттолгон адамды жарандыгынан ажыратпастан, ал коомго нормалдуу жаран катары кайтып келгидей кылышы керек», — деди укук коргоочу.

Буга чейин «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгү» мыйзамда адам жарандыгынан эки учурда гана ажырашы мүмкүндүгү көрсөтүлгөн. Биринчиси, адам башка мамлекеттин аскердик же чалгындоо кызматына өткөндө, экинчиси, жарандык жасалма документтер менен алынган болсо.