Лондондун борборунда көчөдөгү адамдарга кол салуудан бир аял каза болуп, дагы беш киши жаракат алды. Бычак менен куралданган адам полиция тарабынан кармалды, деп билдирүүдө Би-Би-Си.

3-август күнү кечинде бычак менен куралданган адам Лондондун борборундагы Рассел-сквер аянтында көчөдөгү адамдарга кол салды. Окуя болгон жерге барган полиция алты адамдын жаракат алганын көргөн, алардын арасында кийинчерээк каза болгон 60 жаштагы аял да бар болгон.

Би-Би-Си жазгандай, Рассел-сквердеги кол салуу тууралуу билдирүү полицияга 3-август күнү Лондон убактысы боюнча саат 22:33тө келип түшкөн.

Куралдуу адамды кармоо үчүн полиция атуучу электрошок колдонгон. Кийинчерээк Скотланд-Ярддын өкүлү билдиргендей, ал 19 жаштагы өспүрүм болуп чыккан. Азырынча анын аты-жөнү айтылбай эле.

Полиция кол салуу террористтик мүнөзгө ээ болушу ыктымал деген версияны караштырып жатат, бирок кол салууга ал адамдын токтоно албаган психикалык абалы себеп болгон болушу мүмкүндүгү да жокко чыгарылбай эле.

Полициянын расмий билдирүүсүндө кол салган адам учурда күзөтчүлөрдүн кайтаруусунда ооруканада жатканы жазылган.

Азырынча кол салуудан кийин жаракат алгандардын — үч эркек жана эки аялдын — абалдары жана жарааттарынын мүнөздөрү тууралуу эч нерсе кабарлана элек.

The Mirror британ гезити жазгандай, кол салуу шаар бийлиги терроризмге каршы күрөшүү үчүн куралдуу полиция кызматкерлеринин саны көбөйтүлгөндүгү жөнүндө кабарлаган күнү болгон.

Полициянын терроризмге каршы күрөшү ушул жылдын 20-июлунда белгисиз адамдар тарабынан Норфолк графтыгындагы Мархам аскерий базасынын жанында жоокерлердин бирин уурдап кетүү аракети көрүлгөндөн кийин башталган.