Олимпиада оту Рио-де-Жанейрого жеткирилген күнү жергиликтүү жашоочулар нааразычылык акциясына чыгышты. Алар оюндарды өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен көп акча жумшалып жатканына нааразычылыктарын билдиришти. Чыгымдардын жалпы суммасы 12 млрд доллар деп бааланууда.

Олимпиада оту Рио-де-Жанейрого 3-августта, үч ай бою Бразилиянын шаарларын кыдыргандан кийин жеткирилди. Отту мамлекеттин көп чыгым жумшап жаткандыгынан улам Олимпиаданы өткөрүүгө каршы болгон жергиликтүү тургундардын нааразычылык акциясы тосуп алды.

Бразилия бийлигинин олимпиадалык оюндарга даярдык көрүүдө канча акча короткону расмий түрдө кабарланбай эле. 2015-жылы Орусиянын ТАСС маалымат агенттиги Олимпиада оюндарын өткөрүүгө кетчү чыгымдар 12 миллиард долларга бааланып, анын жарымынан көбүн — 57 пайызын — жеке инвестициялар түзө турганын билдирген.

Бразилиянын президентинин милдетин аткаруучу Мишель Темеранын айтымында, Олимпиада маалында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 2,9 млрд реал (853 млн АКШ долларына жакын) бөлүнгөн.

Нааразычылык акциясына чыккан демонстранттар оюндарды өткөрбөөнү талап кылышты — алар спортчулар олимпиадалык от жандырылган факелди алып өтүшү керек болгон жолду тосушту.

Алгач Рио-де-Жанейрого парус кемеси менен жеткирилген Олимпиада отун шаарды бир сыйра айланып көтөрүп, андан кийин «Маракана» стадионуна орнотуу пландалган болчу. Бирок элдик толкундоолордон улам Олимпиада отунун каттамын өзгөртүүгө туура келген.

Би-Би-Си жергиликтүү ЖМКларга шилтеме жасоо менен жалпысынан нааразычылык акциясына 200дөн ашпаган киши катышканын билдирди. Негизинен алар полиция көздөн жаш агызчу газ менен кууп тараткан студенттер менен мугалимдер болушкан.

Нааразычылык акциясына чыккандардын пикирлеринде, каатчылыкты башынан кечирип жаткан өлкө эл аралык ири мелдештерди өткөрө албайт.

Буга чейин Бразилия бийлиги август жана сентябрь айларында өтө турган Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарды өткөрүү боюнча бардык милдеттенмелерди аткарууга мүмкүндүк бербеген каржы тармагында өзгөчө абал жарыялаган.