Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунда беш жаштагы баласынын көзүнчө зордукталган аялдын ишин жеке көзөмөлүнө алды. Кылмышка шектелген такси айдоочусу милиция тарабынан кармалды.

Ысык-Көл облустук ИИБсинин өкүлү Сталбек Усубакуновдун айтымында, окуя 29-июлда, балалуу аял Балыкчыдан Бишкекке келе жатканда болгон.

«Балыкчыдагы көчөлөрдүн кесилишинен ал автоунаа токтотуп, Бишкекти көздөй багыт алган. Жолдо айдоочу тоо тарапка айдап, күч колдонуу менен аялды зордуктап койгон», — деди Усубакунов.

Жабырлануучунун өзү «Заноза» басылмасына курган маегинде унаанын ичинде окуяга күбө болгон беш жаштагы баласы да бар болгонун билдирген.

«Ал менин кийимимди чечип, зордуктап салды. Менин беш жаштагы балам анын баарын көрүп, унаанын ичинде кыйкырып турду. Андан соң тигил баламды унаадан түшүрүп, укук коргоо органдарына кайрылсам өлтүрүп сала турганын айтып коркутуп туруп кетип калды», — деген ал.

ИИМден Kloop.kgге кылмыш иши 129-берене менен каралган «Зордуктоо» боюнча козголуп, ал иш ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жеке көзөмөлүнө алынганын билдиришти.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, зордуктоого шектүү адам окуя болгон күндүн эртеси кармалган. Ал Балыкчы шаарынын буга чейин соттолбогон 30 жаштагы тургуну болуп чыккан. Милиционерлердин айтымдарында, ал кылмышын мойнуна алды жана тергөө аяктаганга чейин убактылуу кармоочу жайда камакта болот. Кармалган адам сегизден он беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жабыркаган аял учурда ооруканада. Аны соттук-медициналык, биологиялык жана психологиялык экспертизаларга жөнөтүшкөн, алардын жыйынтыктары жакынкы убактарда белгилүү болот. Анын айтымында, учурда беш жаштагы уулу дендароо абалында.