“Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборунан калган бир топ мүлктүн дайыны чыкпай жатканы маалым болду. Аскер прокуратурасы буюм-тайымдардын таланып-тонолушу боюнча беш ай мурун козголгон кылмыш ишти тергеп бүтө элек.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан

2014-жылы АКШнын аскер базасы ”Манас” аба майдандан биротоло кетип баратканда Кыргызстанга 30 миллион долларлык мүлкүн белекке таштап кеткен эле. Ошондон көп өтпөй эле бул буюм-тайымдар жең ичинен кымырылып, чекесинен сатыла баштаганы айтылган.

Бишкектеги “Манас” аба майданындагы АКШнын Транзиттик жүк ташуучу борборунан калган мүлктөргө байланыштуу Аскер прокуратурасы быйыл февраль айында кылмыш ишин козгогон. Аскер прокурорунун орун басары Белек Маматбаев тергөө бүтө электигин, мындан улам аки-чүкүсү айтылбай турганын “Азаттыкка” билдирди:

- Бул стратегиялык объект болуп эсептелет. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азыр эч нерсе айта албайм. Тергеп бүтүп, сотко жөнөткөндө кимдерге айып тагылды, мамлекет канча зыян тартты, кайсы сотко жиберилди, баарын айтып беребиз.

АКШнын аскерий базасы жалпы баасы 30 миллион долларлык ондогон унаа, кыштан салынган, темирден жасалган үй, чатыр, ток чыгаруучу генератор, телевизор, муздаткыч, желдеткич, кир жуугуч машина өңдүү үй, кеңсе буюмдарын, эмеректерин койгонун койгон, турганын турган жерде калтырып кеткен. Анын баарын Улуттук гвардия салтанат менен өткөрүп алган.

Кийинчерээк америкалык аскерлерден калган мүлктөрдүн эсеп-кысабы алынып, Башкы штабдын карамагына өткөнү айтылган.

Улуттук гвардиянын Тарбия иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Таалай Мырзабаев гвардиянын жоокерлери ошол буюм-тайымдар сакталып турган кампаларды гана кайтарышканын айтып берди. Былтыр жыл этегинде Транзиттик борбордун ордуна жайгашкан Улуттук гвардиянын батальонунун жаңы жетекчиси бир катар кемчиликтерди таап чыккандан кийин атайын комиссия түзүлгөн:

- Ал мүлктөр жайгашкан кампалардын баарын Башкы штабдын комиссиясы эсептеп чыккан. Карап, текшерип, мөөр басып бекитип бизге өткөрүп берген. Биздин жоокерлер сыртынан гана күзөтүп жатышты. Өкмөт түзгөн 60тай адамдан турган комиссия болгон мүлктү, тиешелүү министрлик-мекемелерге бөлүп берген. Бизге, Улуттук гвардияга дагы бир аз мүлк тийди. Эми ал жакта саналуу эле оокат калды болушу керек. Эң акыркылардан болуп биз алып кеткенбиз. Батальондун командири болуп Орозалиев жаңы дайындалганда кемчиликтерди таап чыгып, ал тууралуу кол башчыга кайрылган. Кол башчы атайын комиссия түзүп текшерип чыгып, материалдарды Аскер прокуратурасына өткөрүп берген.

Биз буга байланыштуу Башкы штабга кайрылдык. Бирок маалымат кызматы жетекчиси эмгек өргүүсүндө, орун басарлары иш сапарда деген шылтоо менен макала жазылып жаткан маалда комментарий берүүдөн баш тартышты.

Буюм-тайымдардын уурдалышы боюнча 60тан ашык адамдан турган өкмөттүк комиссия дагы үн ката элек. Мүлктөрдүн эсеп-кысабы алынып жатканда катышкан "Манас" аба майданындагы инвестициялык жана инфраструктуралык дирекциянын башчысы Абдималик Бусурманкулов кагаз түрүндө кайрылышыбыз керек экенин айтып, маалымат берүүдөн баш тартты.

- Мындай сурооңуздарды жазуу түрүндө жөнөтпөйсүздөрбү. Таланып-тонолуп кеткени боюнча бизде маалымат жок. Өкмөттүн токтому менен анын баары бөлүштүрүп берилген. Тапшырып кеткенден бери эки жыл өтпөдүбү. Анын баарын таркатып жатышпайбы.

- Улуттук гвардияга өткөрүп бергенде жана андан кийин биз барып маал-маалы менен текшерип турчубуз. Негизи өкмөттө такай көзөмөлдө болушу керек эле. Биздин анча-мынча менталитетибизди эске алганда, такай текшерип туруу керек эле. Ал жерде абдан жакшы техникалар, абдан жакшы жабдыктар бар эле. Таланып-тонолгону чын болсо, аныкталса бул абдан уят иш. Башкы штаб баштан-аяк иликтеп чыгышы керек. Бирок негизи өкмөт көзөмөлгө алышы керек. Ал жерде премьердин орун басары, атайын бөлүм бар да.

Чек ара кызматынын мурунку төрагасы Курманакун Матенов материалдык-техникалык базасы начар болуп кыргыз армиясы каржалып турганда аларга керектүү буюм-тайымдар өз максатында колдонулбай уурдалып кетишин сынга алды.

- Эми ал жерге сырттан чоочун бирөө кирип, кампалардан уурдап кете албайт да. Ал жерде атайын кароол турат. Бул башаламандыкты, жоопкерчиликсиздикти билдирет. Андан башка дагы кызыкчылыктар болушу мүмкүн. Кыргыз армиясы каржалып турганда аларга ушундай мүлктүн уурдалып кетиши – бул жоопкерчиликсиз мамиле. Мисалы, америкалыктар беш жыл пайдаланган керебет базардан сатылып алынган, Кытайда жасалган керебетке караганда алда канча сапаттуу да. Ошол керектүү буюмдар жоокерлер жаткан, тамак ичкен жайларга коюлса сонун эле болмок эле.

“Манас” аба майданында АКШнын аскердик базасы 2001-жылы жайгаштырылган. 2009-жылы Транзиттик жүк ташуучу борбор болуп өзгөргөн. Эки тараптуу келишимдин мөөнөтү 2014-жылы аяктаган жана кыргыз тарап аны узартуудан баш тарткан.