Медиа Полис Институтунун юристтери президент Атамбаев өзүнүн маалымат жыйынынан журналисттердин түз видеотрансляция жасоосуна тыюу салуу менен Кыргызстандын конституциясын бузганын билдиришти. Президенттин аппараты бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Медиа Полис Институту коомдук фонду мисал катары конституциядагы жарандардын маалымат алуу укуктары жөнүндөгү беренени келтирген билдирүүсүн жарыялады. Бул президент Алмазбек Атамбаев 1-августтагы маалымат жыйынында журналисттердин түз видеотрансляция жасоосуна тыюу салгандан бир нече күн өткөндөн кийин болууда.

Медиа Полис Институту адамдар «маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жана башка жолдор менен таратуу» укугуна ээ экендиги айтылган Кыргызстандын конституциясына шилтеме кылган.

Фонд ошондой эле журналисттин ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндөгү берененин сегизинчи беренесин мисал келтирген. Ал беренеге ылайык, мамлекет журналисттин маалымат алуу жана таркатуусун камсыздап бериши керек, а журналист техникалык каражаттарды пайдалануу менен аудиого жаздырып, видеого тартууга укуктуу.

Андан сырткары юристтер парламент жыйындарынан видеотрансляцияларды жүргүзө ала турган Жогорку Кеңеште аккредитациядан өткөн журналисттерди да мисал келтирген.

Юрист Нурбек Токтакунов кандай гана тыюу болбосун [бул учурда түз трансляция жасоого] негиздерге ээ болушу керек деп эсептейт.

«Ал кийин КТРКдан көрсөтүлгөндөн кийин видеотрансляцияны жасоодо эч кандай коркунуч болгон эмес. Ошондуктан мен ал тыюуну мыйзамсыз болгон деп ойлойм. Кээ бирде маалыматты таркатууда мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүгө жол берилет, бирок негизсиз чектөөгө болбойт», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Юрист Динара Муканбаева маалымат жыйынынын түз эфирде көрсөтүлүшүнө тыюу салуу президенттин «эл алдында билдирүү жасоону» билбей турганын көрсөттү деп эсептейт.

«Бул президент Атамбаев эл алдында билдирүү жасаганды, өз сөзүн көзөмөлдөп, эмоциясын кармоону билбестигин жана көпчүлүк учурларда жеке адамдарга, жеке таарынычтарга өтүп кете тургандыгын дагы бир жолу ачык көрсөтүп, далилдеп жатат. А түз эфирде көрсөтүүгө тыюу салуу — бир журналисттерге тыюу салынып, башкаларына уруксат берилгендиги — Кыргыз Республикасынын конституциясын жана ЖМКлар жөнүндөгү мыйзамды бузууда. Бул аракети менен ал өзүнүн авторитаризми менен ЖМКларды көзөмөлдөй тургандыгын көрсөттү», — деди ал.

Президенттин аппаратынын эксперти Алия Суранова Медиа Полис Институтунун билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

«Ал жогору жактан берилген буйрук болчу, мен эмне түшүндүрмө бере алмак элем? Мен эч нерсе айта албайм. Болгону “ноу коммент” деп гана айта алам, эгер кандайдыр бир дооматтар же суроолор болсо президенттин аппаратынын почтасына жөнөткүлө, биз ал сурооңорду жетекчиликке жеткиребиз», — деди ал.

Өлкө башчысынын 1-августтагы маалымат жыйынында президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү ЖМК өкүлдөрүнүн иш-чараны түз эфирде көрсөтүүсүнө тыюу салган.

Эмне себептен түз эфирге тыюу салынгандыгы тууралуу Kloop.kgнин кабарчысы Александра Линин суроосуна президент өлкө башчысынын басма сөз кызматы түз эфирлерге тыюу салууга укуктуу экенин айтып жооп берген.

«Менин басма сөз кызматымдын түз эфирлерге тыюу салуу укугу бар. Эгер ал конституцияга каршы келсе, анда Конституциялык палатага кайрылгыла», — деген ал.

Бирок маалымат жыйынды видеого тартып, ал боюнча түз тексттик трансляцияларды жасоого бардык журналисттерге уруксат берилген. Ошол эле күнү кечинде өлкөнүн бир катар телеканалдары аркылуу маалымат жыйындын толук версиясы көрсөтүлгөн.