Бөкөнбаев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Үч кудук» кафеси 8 августта толугу менен күйүп кетти. ӨКМнин маалыматына ылайык, өрт техникалык коопсуздуктун сакталбагынан улам келип чыккан, кырсыктан каза болгондор жана жабыр тарткандар жок.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкери Нурлан Ташмамбетов Kloop.kgге курган маегинде өрттөнгөн аянт 160 чарчы метрди түзгөнүн айтты. Айтымында, окуядан эч кимдин жашоосуна зыян келген эмес.
Ташмамбетовдун кошумчалашынча, мекеме канча зыянга учураганын аныктап жаткан адистер жеринде иштеп жатышат. Кафенин аймагында тазалоо иштери жүрүүдө.
Өрттү өчүрүү үчүн үч өрт өчүргүч топ бир жарым саат бою иштеген.
Автор: Марат Абдыкалыков
Фото: Акипресс