6-августта Мексикада болгон тропикалык шамалдан улам 38 адам мерт кетти. Шамалдан кийинки жааган жаан көпүрөлөрдү бузуп, жолдорду жууп, үйлөрдү бузду. ЖМК үйсүз калган жүздөгөн адамдардын бар экени тууралуу билдирүүдө.

Мексиканын чыгыш аймагында 6-августта тропикалык катуу шамал болду. Кырсык өзүнүн артынан күчтүү жаанды, жер көчкүнү жана суу ташкынын алып келди. Анын натыйжасында электр жарыгы үзгүлтүккө учурады.

Акыркы маалыматтар боюнча, жаратылыш кырсыгынын натыйжасында 38 адам көз жумду. 200дөн ашуун адам үйү жок калып, ондогон үй-бүлөлөр эвакуацияланды.

«Франс-Пресс» агентствосу жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып Мексиканын чыгышындагы Веракрус штатында жер көчкү он адамдын, ал эми борбор штат Пуэблада 28 адамдын өмүрүн алып кеткенин, алардын 15и балдар экенин билдирүүдө.  

Британиялык маалымдоо корпорациясынын билдирүүсүнө караганда, жер көчкү жүрүп, үйлөрдү басып калгандыктан көп адамдар урандылар алдында мерт кетишти.

Басылманын маалыматы боюнча жээктен чыккан дарыялар көпүрөлөрдү бузуп, аны менен жол кыймылын кыйындаткан.

Пуэбла штатынын бийлиги The Telegraphка шамалдын айынан 24 саат ичинде жаан-чачындын айлык нормасы жааганын айтышкан. Аны менен бирге шамал эки миңге чукул үйлөрдү жарым-жартылай зыянга учуратканын белгилешкен.

Буга чейин тропикалык шамал Борбордук Американын бир нече өлкөлөрүндө болгон: Гаити, Доминикан Республикасы, Гватемала, Белиз жана Гондурас. Ал көптөгөн кыйроолорго жана электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашына алып келген. Гаити менен Доминикан Республикасында жок дегенде тогуз адам өлүмгө дуушар болгон.

Метеорологдор Эрл тропикалык шамалын биринчи деңгээлдеги бороон классына киргизишкен. Gismeteo метеорологиялык кызматынын маалыматы боюнча азыр Эрлдин максималдуу ылдамдыгы төмөндөдү, бирок анын артынан кийинкиси — Хавьеранын келүү коркунучу бар. Ал метеорологдорду өзүнүн активдүүлүгү менен кооптондурат.