Пакистан: Ооруканадагы жардыруу 63 адамдын өмүрүн алып кетти

8-августта Пакистандын Кветта шаарындагы ооруканада болгон жардыруу 63 адамдын өмүрүн алып кетти. ЖМК билдиргени боюнча оорукананын тегерегиндеги аймак полиция тарабынан курчоого алынды.   

Аз дегенде 63 адам 8-августта эртең менен Пакистандагы Кветта шаарындагы оорканада болгон жардырууда мерт кетти. 50дөн ашык адам жаракат алганын пакистандык The Express Tribune агентствосу билдирген.

Бийлик өкүлдөрү жардырууну террористтик акт деп аташууда. Алдын ала маалымат боюнча жардырууну террорист-жанкечки ишке ашырган.  

The News International басылмасынын билдирүүсүнө караганда жардыруу шаардык оорукананын реанимация бөлүмүндө  Адвокаттар ассоциациясынын президенти  Белуджистан Билял Анвар Казинин өлүмүнөн бир нече сааттан кийин, анын өлүгү ооруканага алып келингенде болгон.

Провинциянын саламаттыкты сактоо министри Белуджистан Рехмат Салех Балош билдиргендей, көп адамдар жаракат алышкан, ошондуктан каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн.  

Мерт кеткендердин көбү ― журналисттер жана юристтер. Алар провинциянын борборунда дүйшөмбү эртең менен өлтүрүлгөн Казини эскерүү үчүн оорукананын реанимация бөлүмүнө чогулушкан. Алдын ала маалымат боюнча Казинин өлүмү терактка өбөлгө болгон.

Учурда оорукананын тегерегиндеги аймак полиция тарабынан курчоого алынып, Кветтадагы бардык медициналык мекемелерге өзгөчө кырдаал абалы киргизилди. Террористтик топтордун бири дагы өзүнө жоопкерчиликти ала элек.  

Кветта Афганистан менен учурга чейин бекем болгон тарыхый байланышка ээ. Бул жерде теракттар Белуджистан провинциясында аракеттерин жүргүзгөн «Техрик-и-талибан Пакистан» кыймылынын талибам-боевиктери гана эмес, көп сандагы жергиликтүү сепаратисттик топтор тарабынан да үзгүлтүксүз жасалат.

Автор: Алтынай Козубекова